Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Мигранттардын акчасы азайса – өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизет”

“Мигранттардын акчасы азайса – өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизет”

21-январь, 15:07
847 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Быйылкы жылы да Россиянын бир топ шаарларында мигранттардын иш менен камсыз болуусу солгундап, чектөөлөр киргизилип жатканы кабарланды. Мындай көрүнүш өлкөбүзгө кандай таасир этет? 

Мамат Айбалаев, экс-губернатор:                   

-- Ата-энесине, балдарына, Кыргызстанда калган үй-бүлөсүнө жардамдар кыскарат. Кыйынчылыктар жаралат, иш жагынан аксашат. Россияда мигранттарга каршы түшүнүксүз мамилелер пайда болгону өкүнүчтүү. Капитализмдин жүзү ушундай...

Тазабек Икрамов, экс-депутат:

-- Россия миграция саясаты боюнча мыйзамдарын катаалдатууда. Ага бир нече себептер бар. Ички коопсуздугун коргоо, эмгек рыногун сактоодон тышкары башка да саясый себептери бар. Миграциялык мыйзамдарын күчөтүү менен демографиялык саясатын оң жолго салууну да көздөшүүдө. Анткени, мигранттар кыйналса, айласыз атуулдук алуу жолун тандашат. Акыркы айларда Федералдык миграция кызматы мигранттардын үстүнөн катаал текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Албетте, тийиштүү документтери бар мекендештерибизге анчалык коркунучу жок. Андан тышкары, рублдин кунунун түшүп кетиши да Россиядагы мекендештерибизге таасир этип, өлкөгө кайта баштагандары, Европага жол алгандары бар. Ал эми өлкөбүзгө тийгизген таасири тууралуу айта турган болсок, сырттан келген реалдуу акчанын көлөмү азаят. Айрым маалыматтар боюнча жылына 2-2,5 миллиард доллар Россиядагы мигранттардан келип, ал өлкөдөгү экономикалык, социалдык абалды турукташтырып турган. Бул акчанын көлөмүнүнүн азайышы эле өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизет. Жумушсуздук күч алат. Ушунун баары биригип келип, коомдук, социалдык абалга кедергисин тийгизбей койбойт. Өкмөт бул арада ЕАЭБдин алкагында тыгыз иштеши керек эле. Тилекке каршы, андай аракеттер байкалбай калды.

Темир Бирназаров, режиссёр: 

-- Экономикалык санкциялар акырындап Россияда экономикалык кризиске алып келет да, мигранттар өздөрү эле кете башташат. Күтүлгөн нерсе. Бизде болсо тескерисинче ыңгайлуу шарттар түзүлүп, мекендештерибиз кайтып келе башташат...

Нарис Калчаев, активист

-- Мен август айынын аягында Санкт-Петербург шаарына барып келдим. Он күн аралыгында көптөгөн мекендештерге жолугуп жаттым, эң негизги көйгөй – жашаган жерине каттоого туруу болуп жатыптыр. Мисалы, мурда шаардын четиндеги айылдарга арзан каттоого туруп алышып, шаардын ичинде иштей беришчү экен. Азыр болсо иштеген аймагына каттоого туруу жана бир батирге көп адамды каттабай жатканы чоң көйгөйгө айланыптыр. Кыскасы, Россия Федерациясында мигрантар үчүн катаал шарттар киргизилгени биздин мекендештерибизге олуттуу маселе жаратууда. Ошонун кесепетинен Кыргызстанга кайтууга мажбур болушууда. Анан сөзсүз жумушсуздардын саны көбөйүп, мамлекеттик көйгөйгө айланат.     

Акан Иманов, серепчи

-- Россиядагы мигранттарыбыздын акыбалы жылдан жылга катаалдап баратат. Алар мыйзамдардагы оорчулуктарга карабай иштегенге мажбур болушууда. Өзгөчө жумушсуздук жокко эсе болгон жана эл жыш жайгашкан райондордон сыртка чыгып кетишкен мигранттар көп. Алар өлкөбүзгө акча которуп, мамлекетибизге салым кошуп келишкен. Эми учурда көрүп атабыз, рублдын куну түштү. Заман өзгөрүп атат. Кыргызстан өлкөбүздүн өнүгүп-өсүп кетишин орустар каалашпайт. Россияда кордук көрүп жана укуктары бузулуп аткан мекендештерибиз өлкөбүзгө келсе, алда канча пайдалуу болмок. Себеби, иштейм деген кишиге жумуш табылат. Бош орундар учурда көп эле. Оокат кылам деген жаштарга мүмкүнчүлүктөр жок эмес. Бирок мындай учурда өкмөт дагы тийешелүү кадамдарды жасашы керек. Экономика министрлигинин бир долбоорун көрдүм, Баткен облусу боюнча экен. “Бир миллион сомуң болсо, дагы бир миллион сом беребиз, иш жүргүзүңүздөр” деген маанайда. Демек, бул бир гана багыт. Андай багыттарды жүздөп түзсө болот. Ошол эле туризмге мүмкүнчүлүк беришсин, дыйканчылыкка шарт түзүшсүн да. Жеңил өнөр жай, соода-сатык багыттарына окутуп, иш беришсин. Курулуш иштеринде адис катары жумушка тартышса. Курулуш тармагында чоң иштер башталып атат. Болбосо азыр көрүп атабыз арзанына качырышып эле (мүмкүн миграция мыйзамын бузушуп) Пакистан, Бангладеш, Индия атуулдарын жумушка тартышууда. Бирок биздин элибизди да унутта калтырбашыбыз керек. Алар да талаалап, укуктары бузулуп жүрүшөт алыста. Россиядагы мигранттарыбыз кайтып келип өлкөбүздө иштешсе, үй-бүлөлөрү үчүн, алардын балдары үчүн да жакшы болмок. Элибиздин саны дагы көбөймөк. Бизге улутубуздун эртеңи биринчи орунда болушу керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер