Жангарачевага жан тарткан Отунбаева орунсуз билдирүү таратты
Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева ич кийимдердин жана жылаңач айымдардын көргөзмөсүнөн кийин кызматтан кетти. Коомчулуктун талабы ошого жеткизгенине күбө болдук.
Мындан соң Роза Отунбаева маданият, маалымат жана туризм министрлигине сын айтып, Мира Жангарачевага болушуп чыкты. Анын айтымында, көргөзмө аялдардын маселесине, аларга карата зомбулукка арналганын билдирип, ошол эле убакта министрликтин көйгөйлөрдү чечүүдө эмне иштерди кылганына кызыккан. Экс-президент мындай чуулгандуу искусство дүйнө жүзүндө боло келгенин эске салып, кала берсе, жашоодогу реалдуулук катары баалаганы эмнеси?
Ар бир улут салт-санаасы, идеологиясы менен бекемделип, мамлекет катары сакталып турарын унутпашыбыз керек. Батыштын таасири, уятсыздыгы бузукулук жаратып атса, келечек муунду кайсы жолдо тарбиялайбыз? Андыктан, Отунбаеванын оюна келгенди сүйлөгөнү, музейдеги аялдардын дырдай жылаңач көргөзмөсүндө жүргөнү жаш муунга тескери таасир калтырат. Жыйынтыгында, экс-президент саясатчы катары кадыр-баркын кетирип алганын сезди бекен?..
Aryba.kg