“Убактылуу өкмөттүн он бири таза, биз күнөөлүү экенбиз. Бул анекдот!”


2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаковго, УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевге жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлуп, соттук отурум 15-август күнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жабык өттү. Ушундан улам аттары аталган коомдук ишмерлерге соттук отурумдан кийин ойлорун угуп, “эмне үчүн төртөөңөргө гана кине коюлуп жатат, калгандары айыпталбайбы?” деген собол таштадык.

Исмаил Исаков, экс-коргоо министри:
-- Айтканың туура. Кине коюлмак турсун, “кинелер жок” деген прокуратуранын чечими чыгыптыр. Мага жазып жатат айып актысында, “УӨ саясатын жүргүзүп, буйругун аткарган” деп. Убактылуу өкмөт коллегиялдуу орган. Анын жетекчилери, калган он бири таза, мен, Алмаз, Кеңеш жана Бектур күнөөлүү экен! Муну кандай түшүнсө болот? Бул анекдот эмеспи? Биз мыйзам менен жашабай, түшүнүк (болгондо дагы жапайы түшүнүк) менен жашап калгандыгыбыздын белгиси го, же андай эмеспи?

Кеңешбек Дүйшөбаев, УКМК экс-төрагасы:
-- 15-августта 2010-жылы июнь айында түштүктө болгон улут аралык жаңжал боюнча сот отуруму башталды. Иш боюнча Атамбаев, Исаков, Асанов жана мага айып угузулган. Убактылуу өкмөттүн калган 11 мүчөсүнө (Б.Асанов мүчө болгон эмес) кылмыш иши кыскартылган. Анын себебин тергөө жүргүзгөн башкы прокуратура бизге, коомчулукка да түшүндүргөн жок. Биз ага териккен деле жокпуз. Сот отурумдарынын жүрүшүндө чындык ачыкка чыгат, акыйкаттык такталат деп эсептейм. Буга чейин кыргыз мамлекетинин, элибиздин намысы, аброю үчүн көп нерсени айткан эмеспиз. Эми арбын окуяларды ачыктаганга, болгонун болгондой айтканга туура келет. Убагы келгенде баарыңыздар күбө болосуздар!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











