Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камила Талиева: “Шайлоодон үч көчкөн журттай көңүлүм калды”

Камила Талиева: “Шайлоодон үч көчкөн журттай көңүлүм калды”

02-октябрь, 08:58
1 010 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маектешим кечээ шайлоодон баш тартты. Анын себебин да жиликтеп, түшүндүрүп берди. Эч бир партияга, анын ичинде өзү кошо аттанган “Социал-демократтар” партиясына эч бир дооматы жок экенин айтып, эң негизгиси, бийлик таза шайлоо өткөрө албаганын кошумчалады. 

-- Камила айым, шайлоодон артка кайттыңыз, себебин билсек болобу?

-- Бул жолку шайлоодон үмүтүбүз зор болду эле. Ушул жолку шайлоо Кыргызстанга бурулуш жасай турган, кең келечекке чоң жол ача турган шайлоо болот го (!) дегем. Бирок, шайлоонун шайтан оюну “чү” дегенде эле “Кыргызстан” партиясынын ызы-чуусу менен башталды. Чындык жок экени, акыйкаттык болбой турганы, “Бүтүн Кыргызстан” менен болгон инциденттердин баары прецедент (случай или событие, имевшее место в прошлом и служащее примером или основанием для последующих действий в настоящем) түзүп койду. Мен дароо эле ишенбей калдым, “демек шайлоо начар өтөт”. Экинчиден, элдерден үмүтүм зор болуп, өз алдынча ойлонуп, өзүнүн тандоосу менен акыл калчап, жеке жашоосуна бурулуш жасап, шайлоого барып добушун берүүнү үмүт кылып аткам. Бирок, добушту сатып алуулар биринин артынан бири күчөдү, ал эмнеликтен болуп кетти? Ошо тыйынды албай койсо, добуш сатып алуу болбойт эмеспи. Азыр эл ичинде “добуш сатылып атат” деген эле сөз болуп атпайбы. Бул жерде эртеңки жыйынтыкта толук кандуу протест жасалып, тыйынын да алып, тескери да добуш берүүгө ишенүү кыйын болуп турат. Биздин менталитет ага жол бербей, “тыйынын алдым эле, ушуга добушумду берип коюш керек” деген кадамдар жасалып калабы дейм да... 

-- Шайлоонун таза өтөрүнө күмөнүң бардай?

-- Күмөнүм бар. Таза шайлоо болбойт. Ойдогудай чоң бурулуш жасабай, баягы эле катардагы, керек болсо мурункулардан да булганыч өтө турганын боолголоп калдым. Экинчиден, барып-барып каржы маселесине такалат. Баарын эле тыйын чечип калды. Ошон үчүн четте эле, кир нерсеге аралашпай турууну чечтим. “Партия, тиги-бу” дегенге эч бир дооматым жок. Шайлоонун шайтан оюндары жандүйнөмдү канааттандырбады. Абдан кыжалат болуп, иренжип турам. Бийлик таза шайлоону уюштура албады. 

-- “Форма 2” деген нерсеге кандай карайсыз? 

-- “Форма 2” деген кайдан чыга калды?! Бул боюнча Мирлан Бакиров “Кыргыз көчмөн эл да, көчүп жүрө берет” дейт. Бул эмне, кыргыз элин шылдыңдаганыбы? Ыйларыңды же күлөрүңдү билбейсиң. “Форма 2” да мени абдан иренжитүүдө. Жарым миллион элди эмнеге ары-бери ызылдатып көчүрөт? Бул жөн жасалып аткан жок, “бийлик өзүнүн партияларына добуш даярдап алды” деген нерсени түшүндүрөт. Менин шайлоодон артка кайтканыма “форма 2” да таасир берди...    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс"гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер