Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азиза Абдрасулова: “Аялдар бири-бирине зомбулук кылууга жол ачкан жагдайлар көп”

Азиза Абдрасулова: “Аялдар бири-бирине зомбулук кылууга жол ачкан жагдайлар көп”

31-январь, 23:31
1 563 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аялдарга, кыз балдарга карата зомбулуктун күч алышынын эң башкы себептери тууралуу ой бөлүшүп кетсеңиз?

-- Аялдарга карата зомбулук мурунтан эле болуп келген. Бирок, үйдөгү чыр сыртка чыкпай, эл эмне дейт?” деген ойлордон улам көпчүлүк аялдар зомбулукка кабылганын ачыкташчу эмес. Азыр алар ачыкталып, көбөйгөндөй сезилүүдө.

-- Эмне үчүн аялдарга карата зомбулукту токтотуу кыйын?

-- Токтобой аткан себептери жөнүндө айтсак, бул биздин кайдыгерлигибизге байланыштуу. Болгон окуяларды тез эле унутуп калабыз дагы, жоопко тартуу жагын колго албайбыз. Үй-бүлөлүк зомбулук ээнбаштык сыяктуу категориялардын катарында болгондуктан, көбү тосмо арыздын негизинде ишти кыскартып койгонго мүмкүнчүлүк алат. Иш козголуп, сотко жетип, жаза алган фактылар өтө аз. Тууган-уруктун киришүүсү, аялдар балдарын атасыз калтырбоо аракетинен улам эле кайрадан мындай иштердин алдын тосушат. Финансылык көз карандуулук жагдайы да бар. Менталитетибизде кыздардын укугу уул балдардыкына караганда төмөн. Атанын үйүнөн кыздар күйөөгө эч кандай материалдык энчиси жок кетишет. Кийин ал жерден ар түрдүү жагдайлар жаралса, аялзаты балдары менен кыйналып калгандан коркуп жүрө беришет.

-- Аялдар өздөрү зомбулукка жол берип жаткандыгы тууралуу да көп пикирлер айтылат. Неге айрыкча айыл жеринде зомбулук нормалдуу көрүнүш катары кабыл алынып калган?

-- Аялдар арасында бири-бирин колдоо жокко эсе. Маселен, ала качуу убагында деле жоолук салып, көшөгө тарткан аялдар. Босогодон чыгарбай, ушинтип эле келгенбиз, жашап жүрөбүз деп зомбулукка жол берген да аялдар. Жадагалса күйөөнүн токмотоорун айтып, ортого түшкөн да кайра эле аялдар. Үй-бүлөлүк тарбиянын мааниси да зор. Апасына карата зордук-зомбулуктун астында чоңойгон бала кийин өз үй-бүлөсүндө деле ошону кайталайт. Мындан улам, ата-эненин бири-бирине болгон мамилесинин таасири зомбулуктун алдын алууда чоң роль ойнойт. 

-- Аялдарга болгон ар кандай басынтуулардын алдын алуу үчүн эң ириде ишти эмнеден баштоо керек?

-- Нике келишимин Батышка шылтаганыбыз менен ал керектүү нерсе. Бизде алимент кестирип алуу да азап. Өнүккөн өлкөлөрдө ажырашуу болсо, күйөө төлөй турган алиментти, балага тийешелүү каржыларды мамлекет төлөп баштайт. Кийин мамлекет ажырашып кеткен тараптын күйөөсүнөн өзү өндүрүп алат. Ушул сыяктуу чаралар колдонулушу керек. 


Мээрим Асанова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер