Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кафенин майланышкан кызматкери Дастан Дюшекеев элчи катары мүдүрүлдү

Кафенин майланышкан кызматкери Дастан Дюшекеев элчи катары мүдүрүлдү

15-январь, 17:00
1 424 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстандагы элчи Дастан Дюшекев тийешелүү милдетин жетиштүү деңгээлде аткара албай, кыргыз жарандарын коргоодо кашаңдык кылып, нааразычылыктар кескин түрдө көбөйдү. Соцтармактарда да сын-пикирлер курчуду. ТИМ, президенттин администрациясы элчинин ишмердигин талдоого алып, калыс баалашы керек. Коңшу өлкөдө кооптуу кырдаал жаралган учурда биздин жарандарыбыз кордукка кабылышса, укуктары корголбой, кимге арыз-муңдарын айтышарын билишпесе, абал чатак го? Эмне үчүн мындай көрүнүш орун алды? Мамлекетчил, профессионал кадр болбогону үчүн аксадык. Себеби бар, Дастан Дюшекеев кафеде администратор катары майланышып жүрүп эле мамлекеттик кызматтарга секирик жасап, дипломат катары чыга келди. Кайдагы тажрыйбаны айтасыңар? Элчи катары бойдок барып, анан үйлөнүп атпайбы. Али токтоло элек, турмуштук тажрыйбасы да аз. Эми ушундай кадр коңшу өлкөдөгү 100 миң мигранттыбызды ойломок беле? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер