Феттуллахтын “агенти” Бейшеналиев Женевага камданып атыптыр
Популизмди жакшы көргөн жана Фейсбукта кошоматчыларды жалдаган билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев азыркы учурда “чемоданное настроение” болуп атыр. Көрсө, ал жигит Париждеги ЮНЕСКОнун башкы директорлугуна жете албай, эми Садыр Жапаровду коркутуп, Женевага элчиликти сурап атыптыр. Эмне менен коркутканын билбейбиз. Бул жаш бала өзү түздөн-түз Түркия мамлекетинде террорист уюм катары эсептелген ФЕТО кыймылынын Кыргызстандагы активдүү мүчөлөрүнүн бири экени айтылууда. Өзүнүн “диссертациялары” да ошол Феттуллах Гүлендин жашоосун изилдөөгө арналган. Акыркы кезге чейин да ал чалга тийиштүү изилдөө уюмдарында иштеп келгенин эске алышыбыз керек. Эми бул жигит Бишкекте отуруп алып, эл аралык саясатты өз кызыкчылыгында (ЮНЕСКОго талапкерлигин көрсөтүп) жүргүзүп келгенин билебиз. Эгер элчиликти жетектеп кала турган болсо, мамлекеттик сырды айтпай эле коёлу, дипломатиялык иммунитети менен Швейцарияда мекенибиздин эмес, сырткы уюмдардын кызыкчылыктарын жактап кирсе кантебиз? Эмесе, жети өлчөп, бир кесе турган учур келди...
"Азия Ньюс" гезити