Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдил Сегизбаев “Белиз-гейт” жана Кой-Таш окуясы боюнча эмнеге жоопкерчилик тартпайт?

Абдил Сегизбаев “Белиз-гейт” жана Кой-Таш окуясы боюнча эмнеге жоопкерчилик тартпайт?

10-октябрь, 13:52
772 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомчулукта “Бул Абдил Сегизбаев деген ар дайым эле суудан кургак чыга береби?” деген суроо кабыргасынан коюла баштады. “Кой-Таш окуясы боюнча ага катышкандардын баары сурак берип жүрүшөт, ал эми Абдил Сегизбаевге көңүл бурган киши жок” дегендер да арбын. 

Чынында эле ошондой болуп жаткансыйт. 7-8-августта Кой-Таштагы Атамбаевдин хансарайындагы окуяда Абдил Сегизбаев да бар болгону белгилүү. Ал ошол 7-август күнү эле аялуу жеринен жаракат алып, ооруканага жеткирилгени айтылган. Демек, ошол күнү АШАнын хансарайына спецназдар бара турганын ал алдын-ала билген жана Атамбаевге кабарлаган да болушу мүмкүн. Эгерде ал мыйзамдуулукту туу тутса, чыныгы генерал болсо, анда Атамбаевге “Шеф, сиздин жасап жатканыңыз туура болбой жатат, суракка жөн эле барып коюңуз, “Альфанын” кызматкерлерине каршы ок чыгарбаңыз” деп айтат эле да. Антип айткан жок, тескерисинче, АШАнын мыйзамсыз аракеттерин колдогондой болуп жүрдү. 

Экинчиден, Абдил Сегизбаев УКМКны жетектеп турган кезинде “Белиз-гейт” деген “долбоор” ойлоп тапкан болчу. “Белизден документтер келди” деп 4 депутаттын жүздөрүнө көө сүйкөгөн. Ал жасалма документтерди КТРК аркылуу кайра-кайра көрсөтүшкөн. Парламентте талкууланган. “Эгерде бул документтер ырасталбаса, анда Абдил Сегизбаев жоопкерчилик тартат” деген ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев. Буга Абдил Сегизбаев да макул болгон. УКМКга андай документтер келбегени аныкталганына көп болду. Бирок, эмнегедир Сегизбаев дагы деле эркиндикте жүрөт. 

Эмнеге Абдил Сегизбаевдин жасаган мыйзамсыз иштерине көз жумулуп жатат? Же анын бийликте колдоочулары дагы деле арбынбы?..

“Жалбырак”

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер