Чынара Эсенгул, саясый серепчи: “Россияга ыраазычылык билдирип, жакшылыкты билген эл катары өзүбүздү көрсөтөлү”


-- Чынара айым, Кыргызстандын жүргүзгөн тышкы саясаты, анын ичинде Россия менен болгон мамилеси кандай жакка ыктаганы оң?
-- Тышкы саясат ички саясаттын уландысы болгондуктан, эң алгач өзүбүз “биз кандай мамлекет куруп атабыз? Кыргыздар кимбиз?” дегендей, анын ичинде “Башмыйзамда белгиленген нерселерди ишке ашырыш үчүн кимдер менен өнөктөш болушубуз кажет?” деген суроолорго жооп бергенде, ошондо биздин тышкы саясат кандайдыр бир логикалуу, максаттуу болот. “Көчмөн элбиз, түрк тилдүүбүз” деп айтып атсак, анда албетте, ошол жакка ыктап, анын ичинде Өзбекстан, Казакстан, Түркия менен абдан жакын болгонубуз оң. Ал эми Россия менен эң биринчиден, ыраазычылык билдирип, жакшылыкты билген эл катары өзүбүздү көрсөтүшүбүз керек. Анткени, СССР урагандан бери Россия бир топ жардам берип келатат. Алсак, мигрантарга иш таап берип, экономикабыз алсыз болуп атканда болушунча колдоо кылганына ыраазычылык билдиргенибиз жөндүү. Албетте, Россия менен Украина ортосундагы согушта Америка баш, Европа өлкөлөрү төш болушуп, Владимир Путинди жамандап жатышты. А биз Россия менен мүмкүн болушунча жоопкерчиликтүү өнөктөш катары жылуу мамиле түзгөнгө аракет кылуубуз абзел. Бирок, ошол эле учурда өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарды биринчи планга коюп, өзүбүздү да, аларды дагы капа кылбаган жолду тандап алганыбыз оң.
-- Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара маселелери, делимитация, демаркация иштери создугуп аткан өңдүү, ушуну кандай шартта ылдамтатса болот?
-- Менин оюмча, практика көргөзүп аткандай, биздин эле аймакта эмес бүткүл дүйнө боюнча “чек ара маселеси кандай шартта чечилет?” дегенде объективүү күчтүү факторлор болушу керек. Көбүнчө капитализм доору өкүм сүрүп аткан мезгилде кайсы бир мамлекеттин экономикасы жеткиликтүү түрдө өнүгүп атса, бул маселе батыраак чечилет. Алыска кетпейли, мисалы, Өзбекстан биз менен чек араны тактап койду. Ал эми кыргыз-тажик ортосунда андай фактор жеткиликтүү эмес. Анткени Борбор Азия мамлекеттеринде Кыргызстан менен Тажикстандын экономикасы алсыз, потенциалдары жокко эсе. Башка өлкөлөр менен жабышып алып өнүкпөсөк, өз ара андай маселени чече турган объективдүү контекс жок болуп атат. Менимче, чек ара маселесин тездеткенге андай күчтүү факторду көрбөй турам. Бирок, дипломатиялык маанайдагы сүйлөшүүлөр аркасында акырындап кээ бир маселелер чечилип аткансыйт...











