Бишкек шаарындагы РИИБ начальниктерин билесиңерби? Дараметтери кандай?


Башкалаада кылмыштуулукка каршы күрөшүү өтө начар. Образдуу айтканда, мышык ыйлачудай. Чөнтөк уурулары, үй карактоо, адам укуктарын басмырлоо, миллиондорду тоноо ж.б. Азамат Ногойбаев Бишкек ШИИБни жетектегени абал кескин түрдө начарлаган. Ал эми РИИБ начальниктери кыйратып салышкансып, жаңы жыл астында Фейсбуктан “Жыл мыктысы” үчүн атаандашып, кол астында иштегендерди сүрөтүшүп, ушул жагынан өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жооптуу кызматкерлер өздөрүн пиар кылышпай, милдеттерин так аткарышпайбы?

Мирлан Ниязалиев
“Жигиттин гүлү” Биринчи Май РИИБнин начальниги. Ишиндеги артыкчылыктарын коомчулук анчейин биле бербейт. Бизге белгилүү болгону: Мирлан Ниязалиев “эки желекти” көтөрүп жүргөнү, өз деңгээлинде кош стандарттуу саясат жүргүзөрү бааланат. Бийлиги күчтүүнүн тилин таап, карьера кылганга кыйын. Ошол эле кезде мурда жакшылык жасагандарга далысын салып кеткеничи? Убагында УКМК “укуругунан” кантип чыгып кеткен? Күдүк ойлор бар. Дээрлик ишмердигине убагы келгенде кенен баа берилсе керек.

Бакытбек Нарчаев
Ленин РИИБ начальниги өздүк курам ичинде анчейин бааланбай, профессионалдык деңгээли жетпей атканы айтылууда. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин досу катары маанилүү орунга көтөрүлүп, өсүп келаткандай. Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө тажрыйбасы аксап калганы жашыруун эмес. Бакытбек Нарчаев коопсуздукту, тартипти көзөмөлдөгөн Ленин районунда акыбал начар. Дарамети ПОМ начальнигине төп келеби? Жылмаясың. “Крышасы” болбосо ыргымак да...

Азамат Токтоналиев
Бул эргулдун артында чуулгандуу суроолор арбын. Дача-СУ кырсыгы боюнча кыңыр ишке кабылып, уу-дуу жаратканы эсибизде. Убагында “Дөө Чыңгызды” кармап, 100 миң доллар кымырганбы? Кара-Кечедеги ховаларын кайсы каражатка сатып алган? Айбек Абдразаковдун колунда иштеп жүрүп, кийин бийлик алмашканда сатып, жасалма кылмыш ишин токутканбы? Өмүр бою милициянын айлыгын алып жүрүп, көмүскөдөгү байлыктарын каяктан тапкан? Ак болсо жооп берсин. Дайыма эле суудан кургак чыга береби?

Азамат Байгазиев
Свердлов РИИБнин начальниги “эт же чел” эмес, бир жүргөн сөлөкөттөй эле сезилет. Себеби, дал ушул райондон резонанстуу кылмыштар байма-бай катталып келет. 13 жашар кызды да үйгүшкөн кызматкерлери алмак-салмак зордукташкан. Өткөн жылы Эркин Тентишевдин 1,5 миллион доллары уурдалса, быйыл дагы бир ишкердин 2 миллион долларга жакын каражаты тонолсо, Азамат Байгазиев текей терип жүрөбү? Өз эмгеги менен эмес, өң-тааныш аркылуу кызматка илинип, иштей албай жатканы уят! 
"Азия Ньюс" гезити











