Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбек Камчыбеков: “Кызыл-Омпол кенин иштетүү үчүн айрым көйгөйлөр бар”

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Кызыл-Омпол кенин иштетүү үчүн айрым көйгөйлөр бар”

01-март, 22:54
405 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков агай Кызыл-Омпол кенин иштетүүдө эске алчу жагдайлар, сейрек кездешүүчү элементтер жана алардын пайдалуулугу тууралуу кызыктуу маалыматтар менен ой бөлүштү.

-- Кызыл-Омпол кенин иштетип-иштетпөө боюнча кызуу талкуулар жүрүүдө. Дасыккан адис катары сиздин пикириңиз да коомчулук үчүн жакшы маалымат болуп берсе керек?

-- Кызыл-Омпол кенинде бир гана уран эмес, дагы баалуу металлдардын түрлөрү бар. Алар титаномагнетит, фосфор, цирконий, торий, уран. Бул кен бүгүнкү күндө беш участоктон турат. Анын бир эле участогу толук изилденип, кору аныкталып баланска коюлган. Ал Таш-Булак деген участок. Бул Кубакы белине чыгып бара жаткан жолдун сол жагында жана оң жагында жайгашкан. Ал жерде кору аныкталган боюнча бүгүнкү күндө 3,5 миң тонна уран, 8 миң тонна торий, 1,6 миллион тонна титаномагнетит, андан сырткары, фосфор, анан цирконий бар.  Бул бир эле участкасында жайгашкан. Ал жерде Баке деген участок бар. Ал Орто-Токой суу сактагычына жетпей жолдун жээгинде. Узун-Сай деген участок Орто-Токой суу сактагычынын жанында. Андан тышкары, Түндүк деген участок бар. Ал болсо Көк-Мойнок айылынын үстүндө жайгашкан. Оттук деген участок Ак-Өлөң малчылар жайытына жакын жерде. Ушул жалпы беш участок Кызыл-Омпол деп айтылат. 

Титаномагнетит азыркы учурга керек. Титаны бул космостук аппараттарда, керек болсо медицинада, хирургияда колдонулуп, сынган сөөктөрдү салууда ошол жерге таза, бузулуп кетпей турган металл катары колдонулат. Биз ар бир кендин түрү өз алдынча жайгашкан деген ойдобуз, бирок андай эмес. Муну комплекстүү руда деп коёт. Бир тонна же бир куб руда казып алсаң, ошонун курамында титаномагнетитфосфор, цирконий, торийуран да бар.

-- Кызыл-Омпол боюнча кандай көйгөйлүү маселелерди айтат элеңиз?

-- Президентибиз дагы “пайдалуу болсо иштетишибиз керек, зыяны болсо иштетпейбиз” деген пикирин билдирди. Ошого байланыштуу адистердин пикирине келсек, кайсы кендин түрү болбосун эки жагдайды эске алуу шарт: шагыл, кумбу, көмүр казып алабызбы, же алтын кенин иштетебизби, ошонун экономикалык жагдайын карайбыз. Андан пайда түшөбү же түшпөйбү? Экинчи маселе: аны иштетүүдө экологияга зыяны болбойбу? Ушул эки суроого жооп таба турган болсок, кайсы кенди болсо да иштетсек болот. Бүгүнкү күндө ал жерде эки мыйзам чегинде коюлган шарт бар. 2019-жылы Жогорку Кеңеште каралып, Сооронбай Жээнбеков кол койгон мыйзам бар. Анда “Кыргызстанда уран менен торийге байланышы бар бир дагы кенге чалгындоо иштери жүргүзүлбөсүн, иштетилбесин, керек болсо сырттан дагы алынып келбесин” деген. Бул мыйзамды кандай кылабыз? Мораторий тууралуу да ойлонушубуз керек. Экинчиден, Кызыл-Омпол кени Ысык-Көлдөгү биосфералык аймакка, санация деген зонасына кирген. Мындай зонага кирген кендер иштетилбеши, чалгындоо иштери да жүргүзүлбөшү керек. Ошого байланыштуу биз “эртең эле иштетип жиберебиз” деген жагдайдан алысыраак болгонубуз оң. Иштетүү үчүн толук кандуу экспертизалык талдоо жүргүзүүбүз зарыл. Биз титаномагнетитти казып алып жатканда ал жакта ураны да бар экен. Мисалы, Узун-Сай деген участогун иштетсек, Орто-Токой суу сактагычынын түбүндө эле жайгашыптыр. “Экологияга зыяны тийбейби?” деген маселени карап, ошонун негизинде алгач биосфералык территориядан Кызыл-Омпол кенин чыгарышыбыз шарт. Экинчиден, кабыл алынган мыйзамды жокко чыгаруу зарылдыгы бар. Андан кийин бул кенди иштетүүнүн пайдалуулугу боюнча ТЕО даярдалуусу керек. ТЭОну даярдоо алдында да көп жумуштарды эске алалы. Аны иштетүүдө кандай жабдыктар керектелет? Чыгымы кандай болот? Ушунун баарын изилдеп, тийешелүү мекемелерден, экспертизадан, коомдук пикирден өткөрүп, анан иш баштасак жарашат. Ага чейин бир жарым, эки жылдай убакыт сарпталышы мүмкүн.

-- Урандын, торийдин керектүүлүгү тууралуу да оюңузду уксак?

-- Урандын кандай керектүүлүгү боюнча жалпы коом деле түшүнүп калды. Бир эле мисал келтирип кетсем: Россияда бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан атомдук ледоколдор ширеңкенин коробкасындай эле болгон урандын элементинен солярканы, бензинди, мазутту да колдонбой пайдаланып, муздарды жарып жүрө берет. Урандан жасалган стержендер боюнча айтсак, биз миңдеген тонна көмүр жагып жылуулук алып жатпайбызбы, анын ордуна ошол кичинекей эле көлөмдөгү стержендерден энергияны өндүрүп чыкса болот. 

Торий болсо келечекте иштетиле турган урандан да пайдалуу элементтердин бири. Акыркы он жыл аралыгында бул элементке көп көңүл бурулбай келген болсо, азыркы учурда Америка, Кытай, Россия, Индия дагы абдан чоң изилдөө иштерин практика жүзүндө ишке ашырып келишет. Мисалы, 200 тонна уран бөлүп чыгарган энергияны бир эле тонна торий бөлүп чыгарат. Бирок уранга караганда торийдин экологияга зыяны жокко эсе. Торийди пайдалануу менен Американын бир компаниясы үлгү катарында айдап эле жүргөн машина менен байкоо жүргүзүшкөн экен. 8 грамм торий менен 100 жыл бою автоунааңды айдасаң болот. Мунун баары изилденип, аныкталып, такталган. Бизде ушундай элементтер бар экенине сыймыктаналы. Бул элементтерди пайдаланышыбыз керек. 

-- Коомчулукта урандын зыяндуулугу тууралуу айтылууда...

-- Урандын эки түрү болот. Бири байытылган, экинчиси алтынды чайкап алгандай табигый уран болот. Балким турган жерде радиациясы көп болгону менен алысыраак жактан сезилбейт. Бул жагдайды абдан чоң изилдөөгө алуу зарыл. Изилдөөдөн соң гана экологияга зыяны жок экени аныкталганда иштетүү керек. “Чаңы учуп Ысык-Көлгө түшсө эмне кылабыз? Туристтик сезон бузулат” деген пикирлер айтылууда. Экологдор бул маселеге киришип, чоң изилдөөгө алуусу абзел. Эгер экологияга зыяны чоң болсо, келечекке күтүшүбүз зарыл. Технология өнүгүп жатат. Келечекте балким зыяны жок жол менен алуу мүмкүнчүлүгү ачылат. 

Эмне үчүн акыркы жылдары Бишкек эң алдыңкы катарда турган кир шаарларга айланып калды? Бишкектин ичинде уран өндүргөн же тоо-кен тармагына тийиштүү мекемелер барбы? Албетте жок. Экологияга тийиштүү мекемелер өз иштерин аткарса, маселе жаралбайт. Кайсы кенди иштетсек да мыйзамды туура аткарып, долбоордо жазылган жоболор туура ишке ашса, анда бузулуулар болбой иштетип кетсе болот. 

Элде “уран деген өтө эле зыян турбайбы” деген кооптонуу бар. Адис катары айта кетсем, дагы толук чалгындоо иштери жүргүзүлө элек. Айрым фантазёр адистер туура эмес маалымат берип, “Кызыл-Омполдо 300 миллиард долларлык сейрек кездешүүчү металлдар бар экен” деген билдирүүлөрү таңгалдырды. Бул туура эмес маалымат. Изилденген Таш-Булак участкасы тууралуу айтсак, ал жерде трасса өтүп жатат. Кендин бир нече көлөмү корголгон зона катары калышы керек. Электр энергиясын алып өткөн аймактын кыйла бөлүгү да калтырылат. Мындан соң бир нече көлөмгө болжогонубуздан азайып кетет. Биз бул көлөм менен иштетип экономикага пайда келтире алабызбы, ушул боюнча эсептөөлөр жүргүзүлүшү шарт. Негизи экологиялык маселелерди эске алгандан соң да бааланат. Чалгындоого алына элек участкаларды изилдегенден соң гана биз экономикага болгон пайдасын эсептеп, жети өлчөп бир кесип иш жүргүзсөк туура болчудай. 


Жамиля Нурманбетова  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер