Бишкек шаардык соту “Азия Ньюс” гезитине 300 миң сом айып пул салды

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Октябрь райондук сотуна “Азия Ньюс” гезитинин жана менин үстүмөн даттанып, 5 миллион сом доо арткан. Судья Тынара Абдиева ишти бир жактуу карап, мыйзамсыздыкка барган. Ал бизди 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Албетте, бул көрүнүш сөз эркиндигин кысуу жана бийликтин аброюн төгүүгө барабар эле.
Натыйжада, менин апелляциялык тартиптеги арызым Бишкек шаардык сотунда үч ирет каралып, 26-февралда чекит коюлду. Бермет Толубаева төрайымдык кылган коллегия мурдагы чечимди жарым жартылай бузуп, айып пулду 300 миң сомго түшүрдү. Бирок, биз буга да макул эмеспиз. Жогорку сотко кайрылууга аргасыздык жаралды. Эмесе, Бишкек шаардык сотунун чечими колубузга тийгенден соң, талдап, андан аркы күрөштү улантабыз.
Эске салсак, “Азия Ньюска” чыккан макалаларда Кашкар Жунушалиевдин кадыр-баркына шек келтире турган сөздөр жазылган эмес. Болгону сын-пикир эле. Министрдин моралдык жактан жабыркаганы боюнча да негиздемелер жок. Ооруп калса медициналык справкасын көрсөтпөйт беле? Демек, ал жөн гана догурунуу, өчөшүү кыныгын алып, жыйынтыгында, басма сөз эркиндигине кыянаттыгын тийгизүүдө!
Асланбек Сартбаев "Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору
Булак: "Азия Ньюс" гезити