Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замира Молдошева: “Премиум класстагы кийимдерди тиксек, он жылда Түркиядан ашабыз”

Замира Молдошева: “Премиум класстагы кийимдерди тиксек, он жылда Түркиядан ашабыз”

04-март, 19:30
342 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мода дүйнөсүнө, модалуу кийим тиккен кыз-келиндерге сонун мастер-класс өткөрүп жатасыз. Биздеги бул тармакка кызыккандар кандай пикир калтырууда? Алардын жашоосунда жылыштар барбы?

-- Мода дүйнөсү аябагандай чоң. Бүткүл дүйнөдө, планетада дайыма жаңылыктар, жаңылануулар болуп турат. Негизи эле жеңил өнөр жай тармагына салым кошуу зарыл болууда. Биз дагы өнүгүп өсүү үчүн, сапаттуулукка жетүү үчүн окушубуз керек. Сапатка чыгуу айрым учурда эң жөнөкөй курстан деле көз каранды болуп калат. Ошондуктан мастер-класс өткөрдүк. 800дөй киши келди. Таланттуулар, кыйындар көп. Алардын ичинен эң таланттуусун, мыктысын алып, буюрса коллекциялары менен сахнага алып чыгам деген ойлор бар. 

-- Өзгөрүү, умтулуу тууралуу жакшы пикирлериңизди угуп калам. Жашоосунда ийгилик жарата албай кыйналгандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

--Жол таппай, өзүн издегендин да себеби бар. Азыркы мезгилде психологияны көбүрөөк окусаң, баары айкын болот. Өзүңдүн жолуңду өзүң ачпасаң, сага эч ким жол ачып бере албайт. Эң биринчи акыл-эсиңдеги терс пикирлердин баарын кетирүү керек. Акыл-эсиңдеги таарынычка, күтүүгө толгон, “мага жардам бербей койду”, “мен тууралуу минтип айтты” деген терс ойлор менен эле энергияң кетип калат. Анын баарынан кутулуу оңой эмес, бирок мунун үстүндө иштөө керек. Болгон таарыныч, кайгыңды кагаз бетине түшүрүп, анан өрттөп салып, бул абалдан кутулса болот. Негизи акыл-эсиңди тазаласаң эле жолуң ачылат. Жашоо кызык, жашоо сонун экенине көзүң жетет. Өзүңө өзүң жардам бермейинче, сага эч ким жардам бере албайт. 

-- Жашоонун маңызы, бактылуулуктун ачкычы эмнеде?

-- Жашоонун маңызы бактылуулукта. Бактылуу болуу сенин колуңда. Бактылуулуктун ачкычы өзүңө өзүң жол табууда. Жол тапсаң бактылуу болосуң. Бул жашоо өзүңдү бактылуу кылууда. Сен бактылуу болсоң, үй-бүлөң, балдарың да бактылуу. Андыктан бактылуулуктун ачкычы өзүңдү өзүң табууда. 

-- Мода жаатындагы эртеңки күнүбүздү, он-жыйырма жылдан кийинки келечекти кандай элестетесиз?

-- Эгерде ушул темп менен кетсек, ондогон жылдар аралыгында Түркиядан ашып, буюрса сапатка чыгабыз. Сапаттуулукту түшүнүп калдык. Бирок дүңүнөн сатуу жолунан чыгып, премиум класстагы кийимдерди тикмейинче, өзүбүз да, экономикабыз да өйдө көтөрүлө албайт. Ошондуктан премиум класска өтсөк, он жылдан кийин Түркиядан ашып, жыйырма жылдан соң Миландай эле болобуз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер