Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Оштогу төрт кабаттуу имаратты колоннасы жок эле куруп коюшкан…”
-- Бүгүн жыйында “жаңы салынган үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугун текшерүү боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгы эмне себептен чыкпай калды?” деген суроо дагы бир ирет коюлду. Ошол комиссиянын мүчөсү катары сиз бул суроого кандай жооп бересиз?
-- Ооба, ал комиссияга депутаттардан үчөөбүз: мен, Медер Алиев, Руслан Жакышев киргенбиз. Биринчи эле күнү жыйынга барсак, мамкурулуштун жетекчиси өзү жок. Бир орун басарын отургузуп коюптур, анан аппарат кызматкерлери отурушат. Биз мейли деп биринчи күнү катышып бердик. Экинчи күнү көчмө жыйын уюштурушту. Барсак, жакшы, сапаттуу курулган үйлөрдү көрсөтүп башташты. Бизге тескерисинче, проблемалуу үйлөрдү көрсөтсө, арматуралардын, бетондун сапатын текшермекпиз, эгер зарылдык болсо колонналарды бекемдеп, элге коопсуз болгондой шарттарды түзүш керек болчу. Биз, депутаттар ошондо бул комиссия деген аты эле болгону менен курулуш компанияларына “крыша” болуп, аларды актап-жактап, жакшы жагын көрсөтүп, жаман жактарын жашырганга аракет кыларын түшүндүк да, анын курамынан чыгып кеттик.
-- Бүгүн ал комиссияны кайра түзүү боюнча сунуштар айтылды. Кайра түзүлсө курамына киресизби?
-- Кирем, бирок бул ирет ишти башкачараак алып барууну талап кылабыз. Эгер комиссия түзүлө турган болсо, реалдуу түрдө жасай турган толтура иштер бар. Биз өзүбүз көргөн бир эле мисалды айтайын. Оштогу төрт кабаттуу бир имаратты колоннасы жок эле куруп коюшкан. Кудай бетин ары кылсын, эгер бир аз эле силкинүү болсо, ал имарат урап түшөрү бышык. Реалдуу түрдө жумуш жүрмөйүнчө биз катуу турабыз. Анткени, бул биздин жарандарыбыздын коопсуздугуна байланышкан маселе.