Акыркы кабарлар
» Коом » Таласта бир күндө төрт өспүрүм сууга чөгүп кетти
Таласта бир күндө төрт өспүрүм сууга чөгүп кетти
27-июнь, 11:58


Талас облусунда бир күндө төрт өспүрүм сууга чөгүп кеткенин 25-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 24-июнда милицияга Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы Талас каналына 13 жана 14 жаштагы эки кыз чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө-куткаруу иштерине 10 куткаруучу тартылган. Кыздардын биринин сөөгүн жергиликтүү тургундар бүгүн эртең менен табышты. Экинчи кызды издөө уланууда.
24-июнь күнү Чоң-Капка капчыгайындагы Киров суу сактагычына 13 жана 11 жаштагы эки бала чөгүп кеткени маалым болгон. Экөөнүн сөөгүн куткаруучулар 25-июнда эртең менен таап, туугандарына өткөрүп беришти.










