Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаныбек Керималиев: “Малдын башы көбөйүп, жайыттардын кунары кетти”

Жаныбек Керималиев: “Малдын башы көбөйүп, жайыттардын кунары кетти”

26-январь, 09:00
1 203 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору менен маек.

-- Жаныбек Калканович, жайыттардын азыркы акыбалы кандай?

-- Жайыттар деградацияга учурап, кунары кетүүдө. Себеби, азыр малчы-чабандар алыскы жайыттарга чыкпай эле бүт жакын жайлоолорду жайлап калышпадыбы. Жайыт комитеттери айыл өкмөттөрү менен чогуу иш алпарбаганынан улам ушундай болууда. Эң башкысы, малдын башы көбөйгөнүнөн улам.

-- Аны жөнгө салуунун жолдору жокпу?

-- Жайыт департаментинин бир жылдык, анан беш жылдык планы бар. Ага ылайык, жайыттарга чыгуу боюнча график түзүлгөн. Ошол график сакталышы керек. Биз улам-улам текшерип, жайыт комитеттери жана айыл өкмөттөрү менен иш алпарып жатабыз. Жайыт комитеттери коомдук уюм болгондуктан, алардын ыйгарым укуктары чектелүү. Негизгиси, жайыт үчүн айыл өкмөттөрү менен акимдер жооп бергендей кылыш керек.

-- Өзгөчө дегредация болгон жайыттар кайсы жерлерде?

-- Суусамырда алтыгана көбөйүп кетти. Биз быйыл аны жок кылуунун механикалык жолуна түштүк. Атайын майдалап чапкан техника бар экен, ошону   сынап көргөнү жатабыз.

-- Жайыт жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы даярдалып жаткандай болду эле, анын тагдыры кандай болууда?

-- Аны өткөн чакырылыштагы депутаттар алып чыгышып, бирок кабыл алганга үлгүрбөй калышты. Эми биз өзүбүз, айыл чарба министрлиги жаңы редакциясын киргизгенге аракет кылабыз. Анткени, мыйзамдын 50 пайызга жакын бөлүгү өзгөртүүлөргө дуушар болду. Мурдагы долбоор ар кайсы донорлор менен иштешип, шашылыш даярдалып калган.

-- Жаңы долбоордогу эң негизги өзгөрүү эмнеде?

-- Жайыттарды коомдук уюм эмес, мамлекет өзү башкарат. Айыл өкмөтү, район жооптуу болот. Ыйгарым укуктуу орган катары алыскы жайыттарга биз, айыл чарба министрлиги жооп беребиз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер