Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Өзүмдөн жыйырма жаш улуу адамды жактырып калдым
Өзүмдөн жыйырма жаш улуу адамды жактырып калдым
06-март, 09:00

Бойго жетип, турмуш курар кезимде өзүмдөн жыйырма жаш улуу адамды жактырып калдым. Үй-бүлөсү, балдары бар. Ал мени түрдүү белектери, таттуу сөздөрү, келечекке болгон кыялдары менен өзүнө тартып алды. Эми караанын ала качып, менден алыстап жүрөт. Ичиме кайгым батпай, кыйналып кеттим. Мен аны аябай жактырып калыпмын. Башка жаш жигиттердин баары ага тең келбейт. Бирок аны түшүнөм, үй-бүлөсүнө жарака кетиргиси келбейт. Жанындай көргөн бала-чакасы бар. Анын үй-бүлөсүн бузайын деген эч кандай жаман оюм жок. Ортобузда деле эч нерсе болгон эмес, бирок ага болгон сүйүүмдү кантип суутам?..
Зарина
"Азия Ньюс" гезити