Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абактан качууга аракет кылгандардын бирөө өлтүрүлдү

Абактан качууга аракет кылгандардын бирөө өлтүрүлдү

26-май, 12:11
734 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка караштуу №27 колониядан качууга аракет кылган эки адамдын бирөө өлтүрүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кабарлады.

25-майдан 26-майга караган түнү абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1963-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран менен 1999-жылы туулган К.И. тосмодон секирип, качууга аракет кылышкан. Колонияны кайтарган аскер кызматкерлери алгач абага ок аткан. Кийин ок атуу уланып, качып бараткандардын бирөө каза болуп, экинчиси кармалган.

Экөө тең адам өлтүрүү, жашы жете электерди зордуктоо боюнча оор кылмышка айыпталып, он жылдан 21 жылга чейинки мөөнөткө камалгандар болгон.

Ыкчам тергөө тобу качууга аракет кылган учурду иликтей баштады. Окуя кылмыш жана жазалардын бирдиктүү реестрине катталды.

Эске салсак, Молдовановка айылындагы №27 колонияда оор кылмыш жасагандар, террорчулукка айыпталгандар жаза мөөнөтүн өтөшөт. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер