Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айсулуу МАМАШОВА, “Ата Мекен” фракциясынан ЖК депутаты: “Менин өмүрлүк жолдошум күчтүү адам, аны сыйлайм, абдан ыраазымын”

Айсулуу МАМАШОВА, “Ата Мекен” фракциясынан ЖК депутаты: “Менин өмүрлүк жолдошум күчтүү адам, аны сыйлайм, абдан ыраазымын”

07-октябрь, 08:16
718 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Депутат болуп, мамлекеттик иштер менен алектенип, ошону менен бирге уул төрөп, кыз тарбиялап, өмүрлүк жолдошунун сүйүктүү жары болгон ЖК депутаты Айсулуу МАМАШОВАга саясаттан тыш суроолорду узаттык.

-- Бизге кызык болуп турат, депутат айым бош убактысын кандай өткөрөт болду экен? Деги эле бош убакыттар болобу?

-- Бош убактым деле жокко эсе. Жумуштан кичине убакыт болсо эле үйгө чуркайм. Кызым эки жарым жашта. Кичинекей уулума алты ай гана болду. Балдарым кичинекей болгондуктан, болгон бош убактымды аларга жумшоого  аракет кылам. Балдарым азыр эне керек боло турган учурда. Андыктан кичине убакытты да текке кетирбей аларга көңүл бөлүүгө аракеттенем. 

-- Өзүңдү өнүктүрүүдөгү сырларыңдан бөлүшсөң?

-- Ар убак терс адаттарды, сапаттарды жеңип, изденип, окуп жүрүү керек. Менин жумушум ар убак издене турган, ар убак эл арасында болуп, эл көйгөйүн жакындан билүүгө түрткү берген жумуш.

Андан тышкары руханий байлык ала турган адабияттарды окуганга аракет кылам. Ал сенин көкүрөгүң, деңгээлиң болуп, көп нерсеге көзүңдү ачат. Менин ишимде ар убак изденип, өзүңдү-өзүң өнүктүрүп, умтулуп турбасаң жок болуп кетесиң. Чаң алдында каласың. Адамгерчилик, жөнөкөйлүк, көйгөйдү көрө билүү сапаттарынын баарын адабий китептерден, изденүүдөн гана аласың. Ал көрөңгө пендечилике баруудан, ушак сүйлөөдөн ж.б. баардык жаман иштерден сактап калат. 

-- Туура тамактануу боюнча кандай кеңештериң бар?

-- Туура тамактануу ар бирибизге керектүү замандабыз. Мен дагы үйдө колдонууга сөзсүз аракет кылам. Балдарымды ар бир күнү туура тамактандырууну ойлоном. Тамактануу режимин түзөм. Балалуу болгондон кийин жашоого болгон көз карашың өзгөрөт экен. Кантип тамактануудан тартып, тарбиялоо, ден соолуктарына көңүл буруу эненин милдетине айланат. Күнүгө сейилдеп, таза аба жутканга аракет кылабыз. 

-- Сулуулукка көңүл бурууга убакыт табылабы?

-- Күнүгө салондорго барып, жасанганга деле убакыт жок. Чач кырктырып, маникюр жасатып эле анда-санда барып калбасам, башка убактарда сулуулук үчүн убакыт деле коротпойм. 

-- Ар убак эл алдында, трибунада жүргөн айымга өмүрлүк жолдошу кандай карайт болду экен?

-- Менин өмүрлүк жолдошум абдан түшүнүктүү адам. Ушунчалык сыйлайм, урматтайм. Ал ар убак менин жашоомо, иштериме дем-күч берип, колдоп турат. Ар кандай демилгелер менен иштеп, санаа тарткан убакта анын колдоосу көп жардам берет. Ага абдан ыраазымын. Андагы сапаттар күчтүү адамдарга гана таандык. 

-- Маанай түшкөндө кантип көтөрөсүң?

-- Биз баарыбыз пендебиз. Айрыкча аял кишилер баардык нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алат. Бирок, убактың кенен болсо аялзатында ошондой учурлар көп болот. Убакыт жетишпесе, бук болгонго, маанай түшүргөнгө да жетишпейсиң. Кээде маанайым түшкөндө үйдү жыйноо жардам берет. Музыка же жакшы аудиокитептерди коюп алып үй жыйнаганда, кадимкидей жеңилдей түшөм. Мага ошондой учур жардам берет. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер