Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бүтүн Кыргызстан” менен “Кыргызстан” партиялары мандаттарын таштай алышабы?

“Бүтүн Кыргызстан” менен “Кыргызстан” партиялары мандаттарын таштай алышабы?

05-октябрь, 15:33
746 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Бүтүн Кыргызстан» менен «Кыргызстан» саясsй партиялары мандаттан баш тартышса, кайра шайлоо өтөт. Мындай пикирин БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коомчулукта нааразы болгондор көп, эгерде бийлик массалык митингге жол берип жиберсе, коронавирустун экинчи толкунунун башталып кетишине жагдай жаратып коюшу мүмкүн.

— Элдин баары көрдү. Бийликтин жардамы менен бул эки партия шайлоого катышты. Себеби алар шайлоодон четтетилген болчу. Эки партиянын эрки жетип, мандат алуудан баш тартышса, кайра шайлоо болуунун тынчтык жолу болмок, — деди Сариев.

Ошондой эле ал, мындай жол алар үчүн айтканга оңой болгондой болушу мүмкүн экендигин, бирок башкысы мамлекеттеги туруктуулукту сактап калуу экендигин белгиледи.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун 23.20га карата алдын ала жыйынтыгы боюнча төмөнкү партиялар жети пайыздык босогодон өттү:

«Биримдик» — 24,53 пайыз;

«Мекеним Кыргызстан» — 23,90%;

«Кыргызстан» — 8,74%;

«Бүтүн Кыргызстан» 7,09%.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер