“Ыйман Нурунан” Осмоновдор качса, Нуржигит эмнеге РМге тийишти?
ЭлТРден дебатка чыккан “Ыйман Нурунун” лидери Нуржигит Кадырбеков бир тыйыны жок экенин айтып, оозун куу чөп менен сүрттү. Бул партия “Ихлас” курулуш компаниясынын кожоюндары Нурбек, Айбек Осмоновдорго таандык болчу, алар эмнеге жардам бербей коюшту? Кызык. Же калп анткорлонуп атабы? Ислам идеологиясын туу туткан “Ыйман Нуру” саясатка аралашып, Башмыйзамга каршы кетишкени териштирилеби? УКМК бул жагынан тыкыр иликтеп, жарыштан четтетип койсо болбойбу?.. А баса, дебатта Нуржигит Кадырбеков: “Ташиев интервьюсунда Райымды мактаганы үчүн “Мекенчил” партиясына кирген жокмун” деп аксынганы жарашпай калды. Ташиев убагында “Райым Матраимов жөнөкөй, патриот, сөзүнө турган кыргыздын жакшы жигити” деген маанайда алкаган. Бул реалдуу чындык да! Эми ошол ак сөздү жерип, тескери кеткен “Ыйман Нуру” аброй тапмак беле?..
Aryba.kg