Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Фурхат Усеновго арыз жазган начальник Денис Аманов “терпила” беле?

Фурхат Усеновго арыз жазган начальник Денис Аманов “терпила” беле?

23-декабрь, 19:01
847 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Панфилов РИИБнин начальниги Денис Аманов убагында чүйлүк байкелеринин арты менен көтөрүлүп, учурда көпкөлөң тарта иштеп жатат. Жакында бир сайт аркылуу өзүн “Жылдын мыктысы” катары жарнама жасатты. Айбек Азыранкулов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кагаз ташыгычы, депутат, кийин губернатор болгондо жарыгы тийгени айтылат. Азыр болсо ИИМдин жогорку жетекчилигине каршы иштеп, панфиловдук жердештери, полковниктер Рыскул Жапаркуловго, Рафик Мамбеталиевге маалымат ташып, “шыбап” жүргөнү тастыкталабы? Эки фронтто ойной берсе, аягы чатакка айланбайбы? А баса, бул эргул убагында ИИМдин орун басары Фурхат Усеновго арыз жазып, анын кызматтан алынышына себепкер болгону генералдар тарабынан козуган кербези. “Терпила” беле? Жасалма кылмыш ишине себепчи болгону ачыкталабы? Бирөөгө жамандык кылуу менен көтөрүлгөнбү? Ыплас буйрукту жаземдебей жасай берсе, эртеңки күнү баа берилет да, туурабы? Бул начальник боюнча алдыда да кептер бар... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер