Ахматбек Келдибеков арстан болсо, каршылык көрсөткөндөр чөөлөр беле?..
Гезитибиздин өткөн санында “Ахматбек Келдибеков өкмөт башына келсе, карапайым калк үчүн утуш болот” деген ат менен кыскача макала чыккан. Маалыматты бир топ сайттар көчүрүп басышып, соцтармакка таратышты. Анан көрүп алгыла. Ырылдашып, араң турушкан фейк-фабриканын “макулуктары” таламайга алышып, чабуулга өтүштү. Буйрук берилсе эле шыбашып, ооздорунан булгыныч сөздөр жаай баштайт тура. Эмнеге анча коркуп кетишти? Алдыга карай анализ, калыс баа берүү менен Ахматбек Келдибековго карата жазылган макаланын чындыгынан чычалашты го? Эгерде өкмөт башчы иштей албай аксап калса, анын ордуна реалдуу талапкерлерди көрсөтүүгө укугубуз бар. Мына ошондой каармандардын татыктуусун талдап берсек, талай баштайсыңарбы? Образдуу түрдө алсак, Ахматбек Келдибеков арстан болсо, каршы чыккандар чөөлөр беле? Салыштыруу логикага бап келип атабы? Акыры кимдин-ким экени билинсе керек.
"Азия Ньюс" гезити