Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күн сайын сизге кофе ташыгым келет...

Күн сайын сизге кофе ташыгым келет...

13-март, 22:00
1 146 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Чыңгыз Айдарбековго!)

Чыңгыз байке, сиз менин идеалымсыз. Чыныгы жигиттиктин, мырзаларга мүнөздүү жагымдуулуктун образын сиз аркылуу элестетем. Ишенсеңиз, мен дипломаттык кесипти сиз үчүн тандап алгам. Ата-энем экөө тең медиктер. “Сен да медакадемияга тапшыр” дегендерине болбой, эл аралык мамилелер бөлүмүнө тапшыргам. Мен сиз менен чогуу иштегим келет. “Айнура” деген жагымдуу үнүңүздү күн сайын угуп, ар убак сизге кофе ташыгым келип, расмий жолугушууларга бара турган болуп калганыңызда костюмуңузга төп келчү көйнөк, галстук тандап, чачыңыздан бери тарап бергим келет. Бирок, мындай оомат мага эмес, башка бирөөнүн бактысына туш болгонуна ичим күйүп, ызам кайнап, эч кимге көрүнбөй ыйлап да алам. 

Мейли, сиз менен чогуу иштеген мага насип кылбаса да, иши кылып бар болуңуз! Сизди жок дегенде телевизордон көрүп турганыма каниет кылам. Ошол да мага чоң бакыт, зор кубаныч!


Айнура 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер