Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » "Жат дегенде жатпасаңар, убактылуу кармоочу жайдан обсервация ачып коёбуз!"

"Жат дегенде жатпасаңар, убактылуу кармоочу жайдан обсервация ачып коёбуз!"

20-май, 20:52
151 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев  “обсервацияга жатуудан баш тартып, чыр чыгаргандарды убактылуу кармоочу жайынан изоляция зонасын ачып, ошол жакка киргизип коюу керек” дейт. Бул тууралуу ал аксакалдарга карата видеокайрылуусунда айтты: 

"Биз силерден үйдө отурууну суранабыз. Күнү-түнү акимдер, шаар мэри, укук коргоо кызматкерлери, дарыгерлер үйлөрүнө барбай иштеп жүрүшөт. Алар үйлөрүнө баруудан коркуп жатышат. Алардын үй-бүлөсү, жакындары, балдары жок бекен? Эмнеге коркунуч жаратып жатасыңар? Кечээ "Манас" лицейинде ачылган обсервацияга барсак, дааваттан келгендер "эмнеге сүлгүсү жок келишим керек?" дейт. Жат дегенде жатпасаңар, милициянын убактылуу кармоочу жайынан обсервация ачып коёбуз, ошол жакка жатасыңар анда. Ошондуктан ынтымакка келели”.

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
(Видео) Алматы көчөлөрүндө адамдар кулай баштады. Себеби?..
“Кремлде” делген Самаранын концерти айылдагы клубдун деңгээлинде өттүбү?
(Видео) Муфтий Максат ажыдан мындай соккуну эч ким күткөн эмес...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер