Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзат Аалиева: “Мени камакка алуу – кылмыштуу топтун буюртмасы болгон”

Гүлзат Аалиева: “Мени камакка алуу – кылмыштуу топтун буюртмасы болгон”

24-август, 12:59
3 563 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Гүлзат айым, сенин ишиңе байланыштуу соттук отурум канча жолу жылды жана эмне себептер менен?

-- 2021-жылдын 21-апрелинде ИИМдин Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Дин аралык араздашууну козутуу» деп аталган 313-беренеси менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга эки күн камакка алынганымды жалпы журт билет. Бирок, доо арызын жазган 1995-жылы туулган Дүйшөнбек уулу Канатбек менен анын адвокаты Аида Абдрахманова сотко келбегенге байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту соттук отурумду үч жолу артка жылдырды. Кийинки сот отуруму 2021-жылдын 16-сентябрында саат 14:00дө болмокчу. 

-- Жабырлануучу сага карата тосмо арызын жазганын уктук эле...

-- 2021-жылдын 2-июль күнү өткөн эң алгачкы сот отурумунда доо арызын жазган Дүйшөнбек уулу Канатбектин мыйзамдуу өкүлү келип, ал соттук отурумга төрагалык кылган судья Марат Сыдыковго доочу (жабырлануучу) Дүйшөнбек уулу Канатбектин «мен окуума байланыштуу Египеттин Каир шаарындамын. Демек, сотко келе албайм. Менин Манас таануучу Гүлзат Аалиевага эч кандай кусаматым (претензиям) жок. Соттук териштирүү ишин кыскартып берүүңүздөрдү суранам» деген мазмундагы тосмо арызын тапшырган. 

-- А кылмыш ишин эмнеге козгошту эле?

-- Мен окумуштуу-изилдөөчүмүн. Бир топ жылдардан бери «Манас» эпосунда чагылдырылган тарыхый жана философиялык маселелерди илимий иликтөөгө тартып, бир нече олуттуу монографияларды, окуу китептери менен илимий макалаларды бир нече тилде жаздым. Алардын айрымдары билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен жарыкка чыкты. Жазган илимий эмгектеримди элге тааныштыруу максатында алардан алынган айрым кыскача үзүндүлөрдү Фейсбукка жүктөп жүрүп, анан эле 2017-жылдын 7-апрелинде Фейсбук тармагындагы бир нече тайпаларда ашкере динчилердин Айкөл Манас менен Апрель баатырлары сыяктуу маркумдардын жаркын элесин өтө ыплас тилде кордогон посттор менен комментарийлерин көрдүм. Улуттук коопсуздукка кол салып, кыргыз баалуулуктарын тебелеп-тепсеген ошол кылмыштуу посттор менен комментарийлерди скриндеп, расмий бийлик өкүлдөрүнө, күч түзүмдөрү менен укук коргоо органдарынын жетекчилерине, муфтиятка бир нече жолу кат жүзүндө кайрылдым. Тилекке каршы, алардан жооп болгон жок. Бийликтен жооп болбогондон кийин Айкөл Манасты ашата сөккөндөр, орусча айтканда, «иммунитет безнаказанностиге» ээ болуп, эми алар өз ара макулдашып алып, өздөрүнө чечкиндүү каршы чыккан Манас таануучу окумуштууга кылмыш ишин козготушту. 

-- Сени камоого кандай негиздер себеп болду?

-- Тилекке каршы, радикалдуу маанайдагы экстремисттердин кылмыштуу шериктештигинин курамына светтик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлери да кирип кеткени өкүндүрөт. Айтсак, мага каршы жазылган эксперттик тыянактарды чыгаргандардын үчөө светтик маанайдагы адис эмес, радикалдуу динди тутунуп, хиджабга оронуп-чулганган дин таануучу, кыргыз тилинен араб тилин жогору койгон теолог жана илимий бир шилтемеси жок, бирок хиджабды асман-айга жеткире мактаган лингвист экенин эсиңиздерге салып коёюн. 

Светтик көз араштагы эки эксперттин бири соттун мантиясын мыйзамсыз кийип, бир топ жарандарды айыптаган. Бирок, кийин сотто ал айыптар четке кагылып, айыпталуучулар эркиндикке чыккан, же сот иши кыскарып кеткен. Бул эксперттин компетентсиздигинен кабар берет. Жогоруда айтылгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын соттук-эксперттик кызматынын эксперттери экспертиза кылуунун өзөктүү принциптерин одоно бузуп, радикалдуу исламисттердин пайдасына атайы максатта жалган же бурмаланган маалыматтарды бергени үчүн тийшелүү жерлерге даттануу арызын даярдап жатабыз. Буюрса, ошол эксперттердин аты-жөнү аталып, алар кайсы принципти одоно бузган жана кандай жалган маалыматтарды бергени тууралуу коомчулукка кенен жарыяланат. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын соттук-эксперттик кызматынын эксперттери тарабынан радикалдуу исламисттерди колунан келишинче актап, мага каршы жазылган эксперттик тыянактарын, Кудай буюрса, «Соттук экспертиза», «Кыргыз тарыхы», «Манас таануу» жана «Дин таануу» боюнча кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылган окуу китептерине өтө сабатсыз жана сапатсыз жазылган эксперттик изилдөө катары киргиздиргенге аракет кылам.

-- Ал канчалык ишке ашат деп ойлойсуң?

-- Бул эксперттердин компетентсиздиги жана жалган маалыматтар аркылуу жарандардын тагдырын талкалап жатканын эске алуу менен алардын буга чейинки тыянактарын да көтөрүп чыгып, коомдук талкууга алдыртып, аларды кара тизмеге киргизип, мыйзам чегинде жоопко тарттыруу аракеттерин кылабыз, буюрса ишке ашат. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер