Акыркы кабарлар
» Саясат » Легендарлуу “Эду” артка чегиндиби?
Легендарлуу “Эду” артка чегиндиби?
22-апрель, 16:57

Биз буга чейин УКМКнын атактуу экс-кызматкери "Эду" көрсөтмө бербей, эч кимди сатпай жатканы тууралуу макала жазган элек. Бирок өздүк булактардын берген маалыматына ылайык, "Эду" жоопкерчиликти жетекчилерине жана командасына оодарып, ошонун негизинде дагы бир катар адамдар камалыптыр.
Айтылгандарга караганда, анын айланасында иш жүргүзгөн, тапшырмаларды аткарган адамдар да "Эдунун" айынан жоопкерчиликке тартылып, бейкүнөө адамдар азап тартууда. Натыйжада, экс-кызматкерлер арасында, "40 чоронун" ичинде бири-бирине каршы көрсөтмө бергендер күчөп, мурда бекем көрүнгөн системасы тез эле ыдырап калыптыр.
Алдыда дагы төбө чачты тик тургузган көп жагдайлар ачыкталышы мүмкүн экен, күтө туралы.











