Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чагылган тийген Бекназар окуя тууралуу айтып берди: «Бомба жарылгандай эле болду»

Чагылган тийген Бекназар окуя тууралуу айтып берди: «Бомба жарылгандай эле болду»

14-июнь, 17:22
989 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сокулук районундагы Таш-Башат жайлоосунда мал жайлап жүргөн атчан кишиге чагылган тийди. Анын кесепетинен аталган киши жаракат алып, минип жүргөн аты мерт кетти.

Жабырлануучу — 1984-жылы туулган Бекназар Кошалиев 12-июнь күнү саат 16:00-17:00 чамасында атын минип алып, адаттагыдай тайларды чогултуп жүргөн.

«Жайлоого чыгып,  бир жаш тайларды багам. Ошол күнү адаттагыдай эле тайларды чогултуп жүргөм. Анан жамгыр жаап баштады. Чагылган чартылдап жаткан. Бир маалда «тарс» этип, бомба жарылгандай эле болуп кетти. Эсиме келип турсам, минген атым жерде жатыптыр. Анан бир колумдун күйүп калганын сездим. Ошону менен азыр ооруканада дарыланып жатам. Чагылган аттын далысынан кирип, туягынан чыгып кетиптир. Ал дароо эле өлүптүр» деди ал.

Анын айтымында, бир топ жыл мурун ушул эле жайлоодо чагылгандан 30 чактуу кой өлгөн.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер