Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайлоонун шарапатынан тамган тамчылар...

Шайлоонун шарапатынан тамган тамчылар...

04-ноябрь, 19:46
253 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шакиевдин рейтинги өсүүдө дейт газета. Чала сабаттыгы боюнчабы?

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев “кээ бир депутаттар орбитага ракета учурууга чейин убада беришет” дейт. Кээ бир гана эмес, дээрлик ЖК депутаттарынын баардыгы интернеттин заманында адам бойдон бир жерде тура беришпейт. Кишиче сүйлөгөн үч мышык, чочко менен торопой, курт-кумурска, автомашина сыяктуу мүнөт сайын өзгөрүлүп, саат сайын кубулуп турушат. 

Серепчи Кеңешбек Айтикеев “күчтүү депутаттар болуш үчүн эл билимдүү, мекенчил адамдарды шайлашы керек” дейт. Эл депутат болуучуну тандабайт. “Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт” демекчи, дасторкондун молчулугунан кылтакка кандайча илинип калганын шайлоочу өзү да билбей калат. 

Экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков “элдик курултайга бир дагы НПО, бир дагы партия тең келе албайт” дейт. Курултайды жыл сайын чакыруу бийлик менен кошоматчылардын бири-бирин “сиз-биз” деп сыйлашып, чай ичишүүсү. 

Кудай, арбактын аян бергенин кара, “Алтын” аттуу кызды түшүндө көрбөгөндө, бечара Бектуруш Салмагани “Аты жок китептей” акын болбой калмак экен. Багы бар экен да.

Беккелди Кебай, “бекер кепин табылса, өлмөк бар” дегенди билесиң да. Баягы жоголуп кетип кайра табылгандардын кызыл чайын ичип, ак майын чайнап, сый-урматын көрө бер Кудай берип турганда (берген Кудайды айнытпа). Алар кайра жоголуп кетсе, 4-5 жыл эмне ачка жүрөсүңбү? Жакшы санаалашың Муканскиф.


Муканскиф Усубакунов, Ысык-Көл району, Сары Камыш айылы, Кан Кошой көчөсү №19   

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер