“Акнеттин” президенти абакта катуу ооруп жатат
Бир жылдан бери Кыргызстандагы эң ири интернет кызматын көрсөткөн “Акнет” ишканасынын айланасында түшүнүксүз окуялар күч алды. Түшүнүксүз дегенибиздин себеби абдан көп. Алгач кылмыш дүйнөсүнүн өкүлүн ачык эле жиберип, компанияны тынч жол менен өткөрүп берүүнү талап кылышканы кандай? Бул сүйлөшүү “Акнет” компаниясы тарабынан так жазылып калганы каңкууланган. Ишкананын жетекчиси Кубан Ажимудиновго келип, акциялар тууралуу кеп баштап, “мен башка акционердик коомдордун акцияларын сатып албай эле өз күчүбүз менен алып койдум. Сен да акцияларыңды берүү боюнча жакшылап ойлон, мен кыргызча алдыңа келип өтүндүм. Мындан аркысын өзүңдөн көрөсүң” деп ачык жана түз эле коркутуп баштаган.
Андан ары “Акнеттин” жетекчиси “финполду жибербей эле коё турчу?” деп суранганын угууга болот. Ал эми сүйлөшүүгө келген киши “финполдон келиштиби? Аларды мен жиберген жокмун. Алар силерди келип текшерерин билчүмүн, бирок алар менден келишкен жок. Мен андан катуу күч колдоном. Сырттагы кымбат унаа сеникиби? Компаниянын эсебинен тээп жүрөсүң да аны? Мен да ошондой кымбат унаа мингим келет” дейт. Интернеттен бул сүйлөшүүнү толук угуп чыксаңыз, коркутууга кирген адам чоң кызмат адамдардан колдоочусу бар экенин ачык эле айткандай түр кылды. Рейдерчилик жол менен тартып алуу өнөкөтү күч алса, Кыргызстанда чет өлкөлүк ишкерлер, инвесторлор түгүл өзүбүздүн жарандар ишкерлик менен алектене албай, чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон заман тез эле келип калышы мүмкүн.
Ал коркутуулардан жарым жыл өтпөй 2019-жылдын 29-май күнү “Акнет” компаниясынын негиздөөчүсү жана президенти Кубан Ажимудинов камакка алынды. “Салыкты жашырган, үйүндө мыйзамсыз курал сактаган” деген маанидеги айыптарды койду. “Акнетти” тартып алуучулардын тарапташы болгон акционер Руслан Абдимажитов бул компаниянын салык ж.б. маселелерин аткарып келген. Эмне үчүн ал камалбайт? Ал эми Кубан Ажимудиновдун куралы мыйзамдуу катталганын анын туугандары айтып чыгышты. Бирок, адатынча эле тергөө бул далилдерди ишке тиркемек тургай, угуп да, кызыгып да койгон жок. Демек, ишти кимдер көзөмөлдөп жатканын, “Манас Арабаевдер” дагы деле бар экенин билүүгө болобу? Мына ушундай буйрукчул чиновниктер бийликти жаман көрсөтүп, жек көрүндүгө айланат.
Руслан Абдимажитов сөз менен, бирок далили жок, Кубан Ажимудинов 690 млн. сомдук дивидендин (акционерлердин ортосундагы каражат) менчиктеп алганын жана Ажимудиновдун карындашы Г.Ажимудинова 1 млрд. сомду “Акнеттин” эсебинен чыгарып кеткендигин айтып күнөө койгон. Ушул айтып койгон сөз үчүн гана Кубан Ажимудиновго кылмыш ишин козгоп, 6 айдын ичинде далилденбей, ары же бери жылбай турган учуру. Акчаны Ажимудиновдун карындашы чыгарып кеткендиги тууралуу далилдерди катардагы адам деле таап алса болот. Бирок, ал дагы “Акнетти” басып алуучулардын тарапташы болгон акционер Руслан Абдимажитовдун сөзүн гана далил кылып иш козгоп коюшкан.
Кубан Ажимудиновдун жактоочулары “Акнетти” азыр башкарып жаткандардын рейдерлик басып алуучулугу боюнча экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылган. Анткени, “Акнетке” ээлик кылган үч акционердин бирөөсү, болгондо дагы негиздөөчүсү жана президенти Кубан Ажимудиновго билдирме жибербей туруп, өз алдыларынча чогулуш кылышкан. Ажимудиновдон башка эки акционер Руслан Абдимажитов жана Кутанов бир нече жолу мыйзамсыз чогулуштарды уюштуруп, “Акнетке” аткаруучу жетекчи дайындашат. Мындай кадамдар кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесинде рейдерчилик катары баалана тургандыгы жазылган. Беренеде “кандайдыр бир мүлк ээсинин баш коргоо чарасынын абалына карабастан ага маалымдама берилүүгө тийиш” деп жазылган. Бул боюнча кылмыш иши козголгон, бирок дагы деле адатынча иш жылбай, бир орунда турган учуру.
“Акнет” компаниясы боюнча маани бере турган экинчи бир жагдай, компаниянын президенти Кубан Ажимудиновдун катуу илдет менен мурдатан эле ооруп келе жаткандыгы, учурдагы медициналык текшерүүдөн өтүп, оорусу далилденип турса да көз жумуп, аны СИЗО-1де камап отургандыктары. Бул адамды тирүүлөй кыйноодон эмне айырмасы бар? Жактоочулардын Ажимудиновдун клиникалык диагноз менен гипертониялык оору менен жабыркай турганын, буга чейин дарыланып келгенин жүйөө келтирип баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүшкөн. Бирок, сот ал медициналык справкаларга, корутундуларга көңүл бурган жок. Ажимудиновдун дарыгери бир нече оорулар боюнча күн сайын көзөмөлдөп турарын кошумчалаган. Кубан Ажимудиновду жакшы тааныгандар ал Орусияда билим алганын, ал жактан тапкан досторунун жардамы менен “Акнет” ишканасын ачкан. Ар бир үтүр-чекитине чейин өзү түзүп, бутуна тургузган. Учурда “Акнеттин” кызматкерлерине айлык маяна төлөө кыйынчылыгы жаралды. Кыргызстанда атамекендик, өзүбүздүн ишкерлерди колдобосок, башка бирөөлөргө көз каранды болуп жүрө берерибизди эстен чыгарбасак.
Эске салсак, эсеп палатасынын инспектору Кубан Ажимудиновго карата соттон биринчи айып койгон. Эсеп палатасы мындай жыйынтык чыгарууга укугу жок болчу...
Аалы Кайбылдаев