Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалганы жок жашадыныз, Эсеке!..

Жалганы жок жашадыныз, Эсеке!..

13-февраль, 19:30
630 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз көрүп калдык, Эсенбай Калдаров менен сүрөтчү Шекербек Сартов катар басып келатса кадимки биз сүйүп окуган М.Сервантестин узун-кыска каармандары элестей, көңүл асманыбыз “жарк” эте күлүп жиберчүбүз. Эми ээрчишип жүргөнүн көрсөңүз эгиздер быякта калышат. Гезит иши менен алыс-жуук командировкадан кайтышса да, чарчап-чаалыкканына карабай биринчи үйгө барбай түз редакцияга түшүшчү. Ошондо азыркы Абдумомунов көчөсүндө турган "Советтик Кыргызстан" гезитинин узун коридорунда жумалап журт аралаган кайрандардын азил-тамашасын сагына түшкөн кызматкерлер аския сөзгө жайлоонун желиндей сергишип, Эсекем менен Шакемди шакектей курчап алган күндөр болор эле...

Эсенбай ака жөнүндө качан, каерде сөз болбосун (азыр ушул күндө да) кеп кылгандардын кабагы өзүнөн-өзү жазылып, жүзүндө жылмаюу пайда болот. Жакшы билгендер анын жагымдуу аурасын сезип турушчу. Ишенсеңиз, Эсекемди тааныган, билген күндөн быякка бир жолу да ал жөнүндө кыйгыл кеп козгогон пенде баласын кездештирген жокмун. Бирөө-жарым зарыгып, жок издеп келип калса, жанында болгон акчасын үндөбөй кармата берчү, лекин, жок болсо отургузуп коюп, тегерек-четтен сураштырып таап бере турган. Бирок, аркасынан карызын сураганын деги көрбөдүм. Ал өмүрдү элге, адамдарга арнап, жакшылык кылууну өзгөчө туюнган адам болчу. Тирүүлүктө эч ким анын жорук-жосун, адат-салтын кайталагысы келсе да кайталай албайт. Адамдарды өзүнө бир туугандай жуурулуштурган, жашоо түсүн өзүнчө элестеткен, өзүнчө чыйыр-нук менен өзүнө таандык периштелүү дүйнөнү алып жүргөн жан эле. Жакшылык гүлүн кылымдарга өстүргөн, Эсекемдин өлбөстүк көчүрмөсүн, ишенсеңиз, аликүнчө бирөө-жарымдан көрө элекмин...

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамын алып, "Эркин Тоо" гезитинде башкы редактор болуп иштегенге чейин кыргыз телесинде эки жылдай чогуу иштеп калдык. Чоң редакцияга башкы редактор эле. Бирге иштегендер бир ооздон “кечке иштеп, суй жыгылдыңар. Эми үй-үйүңөргө жетип алгыла” деп кечкурун кызматтык унаасын алдыбызга туура тартып, өзү үйүнө жөө кетчү. “Ушундай да кичипейил киши болот экен” деп боор төшөгөн керемет кемелине азыркыга чейин тамшанып, бир айтып бир, эки айтып эки коюшпайт.

Окуу башталат деп Фрунзеге элден мурда келип алган биз жактык студенттердин көбү башпаанек издеп, жатакана алганча Эсекемдин шаар четиндеги Кузнечная крепость көчөсүндө жайгашкан, жепирейсе да кут түнөгөн үйүнө үйүлүп, көп келишчү. Арасында тууган-уругунун, айылдаштарынын балдары, качандыр бир көрүшүп, учурашып, дарегин жазып алган бейгараздардын уул-кыздары да боло турган. Ошо бейгараз-бейтааныштын балдары Эсекемдин төркү үйүндө көрпө жамынып, а тууган-туушканынын балдары босого-ооздо калып, апталап жүрүшчү. Эсекемдин улуулугу ушунда эле, эч качан аларга “бул мага жакын, бул алыс” дебей, баарына тегиз карачу. Оокат-ашка келгенде да өздөрү жебей үй толгон элдин алдына болгонун жайнатып, (Алтын жеңебизге да миң ирет алкыш!) маанайларын ачып турса, эл бул жакка сүрүлбөгөндө каякка барат?!

Бир жылы мен да окуу башталып, бир жумага кеч келсем, эрте келген студенттер жатакананы ээлеп кетишиптир. Барар жагым жок, түз эле Эсекемдин эшигин кактым. Мага окшогондор толтура экен. Кечинде жат-жатка келгенде Эсекеме орун калбай, темир мештин үстүнө "Советтик Кыргызстан" гезитинин тиркемесин төшөп алып жатып алды. "Көнүп калгам, бул менин койкам" деп баарыбызды күлдүргөн. Эртеси таң атпай туруп, кетип жүрдү. Дагы бир жолу Кудайы конок болуп барсам, ошо кезде даңазасы ташып бараткан жаш сынчы, кийин күүжүм үлкөн кызматтарды аркалаган академик агабыз Абдыганы Эркебаев жашап жүрүптүр. Ал калеми менен далайларды далыга таптап, шыгын ойготуп, канчаларды сын камчыга алып, адебин колуна берген мыкты макалаларын Эсекемдин көчүк айланбаган, узун-туурасы бир метр иш бөлмөсүндө жазды окшойт. Эсенбай аканын бир айтканы эсимде: "Ак үйдө, Көк үйдө иштегендердин бир тобу Кузнечная крепосттун квартиранттары болчу" дегени тамашадан да чындыкка жакыныраак эле...

Жазган жагынан жөндөмдү Эсекеме Кудайым берген экен! Төрт-беш беттик макаланы чай кайнамга жеткирбей машинкага өзү басып, редактордун үстөлүнө койчу. Адабият, маданият, спорт, сын, деги койчу, озунуп жазыш жагынан “атка жеңил тайга чак” деп Эсекемди айтсак жарашат эле. Кечинде "Алганын” оюнун элге кошулуп стадиондо көрүп, (оо, ал кезде "Алга" футбол командасы дүңгүрөп тепкен тобу көккө көкөлөгөн маал) оюн бүтөр-бүткөнчө алакандай блокнотуна төрт бет макаланы чие салып, түз элге гезит чыгып жаткан типографияга жеткирчү. Түнкү он экини оодарып, үйүнө кетчү. Эртеси гезит бетинен Эсекемдин репортажын окугандар "оюн кечки саат 10до бүтсө, бу каятан үлгүрдү?" деп желке кашыганын өзүбүз көрүп жүрдүк. Спорт менен өнөр темасын кесипкөйлөрдөн артык билчү. Студент кезинде атактуу С.Иткиндин (кадимки Каныбек Осмоналиевдин машыктыруучусу) кол алдында штанга көтөрүп машыкса, ага чейин “актёр, артист болом” деп сахна төрүндө каршы-терши басып, бир кыйла ролдорду аткарган жайы бар.

КТРды эки жарым жылдай жетектеп туруп, насип экен, "Кыргыз Туусу" гезитине экинчи жолу башкы редактор болуп барып калдым. Баягы, биринчи келгендеги өзүм кураган "Кыргыз Туусунун” чыгармачылык күчү чачырап, гезитке күч берүүчү таланттар бириндей түшүптүр. Кемелине келип, толукшуп турган Эсенбай Калдаровду, Шекербай Сартовду, Төлөн Насирдиновду таптырып, жумушка чакырдым. Кийин табы алоолонуп келаткан Мундузбек Тентимишев, Самсак Станалиев, Бактыгүл Чотурова, Жыпара Исабаева, Абибилла Пазылов, Эрнис Турсунов, Дайырбек Мейманов, Папан Дүйшөнбаев, Барчынбек Бугубаев өңдүү жалындаган жигерин гезиттин эстетикалык көркөм деңгээлин жаңы бийиктикке көтөргөн таланттар менен "Кыргыз Туусун" чыгардык.

Кезинде "Советтик Кыргызстан” гезитинин легендарлуу жооптуу катчылары Бексултан Карабаев менен Ажимукан Түркмөнов отурган кабинетте Эсекем эки-үч жыл мага орун басар болуп отурду. Каалгасын дайым ачык койчу. Бөлмөсүнөн адам үзүлчү эмес. Кээ бирөө жумушу жок болсо да Эсекемдин маңдайында отурганды жакшы көрчү. Билбейм, мен таңгалчумун. Күнгө кактанган козулардай жаны жыргап, Эсекемдин баскан-турганын, кылган ишин, телефондон сүйлөшкөнүн телмире тиктеп, ошондон болуп көрбөгөндөй ырахат алышчу окшойт. Түштө аларды өзү менен кошо ээрчитип чыгат. "Жүргүлө, Бакир аканын чайын ичип келели" деп күндө өзү эки ирет барчу (түшкүсүн, анан жумуштан кийин) чайканасына үйүрү менен ээрчитип алат. Алар тыйын-тыпырын чыгармак болушса, чый-пыйы чыгып, "коё тургула, тамак менен чайдын акысы төлөнүп калган" деп озунуп, алтургай буфет тарапка чыдабай өзү басып кетчү. Пашарт, чайда чогуу отурган төрт-бешөөнө дагы бирөө-жарым келип кошулчу болсо (кыргызды өзүңүз билесиз, тааныш топ отурса сүзө качырып кирет го),
 ордунан туруп, буфеттен келген кишиге ылайык балык же жумуртканы наны менен пиаласын кошо алып келип коёт. "Ээ, Эсеке, өзүбүз алат элек го, убара кылдык сизди. Бизди жаман үйрөттүңүз..." демиш болгондорго "беймарал отургула. Баары бүгүн менен бүтүп калбайт" деп ыраңдуу жылмаюсу менен ортодогу ыңгайсыздыкты жоюп койчу, пусурман. Эртеси да ошо, кийинки күнү да ошо, ошо бойдон кайталана берчү...

Эсекем адамдарга закзал күлүп карачу. Бирөө-жарым менен сүйлөшүп жатканда көзүнөн күлкүнүн учкундары чачырап, ичинде кайгы-муңу куюндап турса да, сүйкүм жылдызы маңдайында турган адамды өзүнө имерип, жан-отун алоолонтуп ийген элпектиги бар эле. Кимдир-бирөөдөн жагымсыз кабар эшитсе да бир кунунда туруп, "ушунака деңиз..." деп адатынча сабыр сактап, иштин чоо-жайын билгенден кийин жагымсыз кабар айтып келген киши кетеринде жаркылдап-жайнап узачу. Ушундай айкөл касиет Эсекемде көлкүлдөп турчу-ов! Кайсы бирин айтайын, айтсаң кээ бири ишенбей да кетет!.. 

Кеч күз. Эсекем "Кыргыз Туусунда" орун басар. Элди гезитке жаздыруу кызыган маал. Басылмага арбын жаздыруунун сыналган жолу бул – окурмандарга ширелүү жазылган шиңгилдерди байма-бай жарыялоо. Жашоо кандай кызык эле анда... Менин иш бөлмөмдө Эсекем, Абдимухтар Абилов үчөөбүз отурганбыз. "Эсеке, өзүңүз сезип-туюп турасыз, окурмандарыбыздын көңүлүн ийе турган чыгарма жазыш керек. Бул иш сиздин колуңуздан келет. Сандан санга жарыялайлы. Ышкы козгогон материалды окурмандар кубалап окугандай болсун” дедим. Эсекем сөздү көбөйтпөдү. Кийинки күндөрү убактысы тартыш болуп жатканын айтып, баш тартты. "Убактыңызды эмнеге коротуп атасыз?” десем, кечинде бир-ар саат таксовать этип жүргөнүн жашырбады. Дароо сөздү илип кеттим, “Таксисттин күндөлүгү" деген сериалды баштай бериңиз, көргөн-туйган турмуштук окуяларды калтырбай көркөмдөп, кагазга түшүрө баштаңыз. Күнүмкүсүн күнүм өзүм окуйм" дедим. Абдимухтар да колдоп кетти, “ии-ий, таксовать этип жүргөнүн мындай эле айтып берсе, эми угуп отура бере турган окуялар! Эсеке, ошолорду ачыкка чыгарып жазыш керек” деп бир жактан күүлөп жиберди. Бул жолу Эсекем кыйыктанган жок. Дароо пландаштырдык. Сериал "Таксисттин күндөлүгү" деп аталмай болду...

Биз пландаштырган чыгарманын алгачкы сериалдары кийинки жумадан баштап кете баштамак болду. Биз жума күнү эртең менен сүйлөшкөнбүз, Эсекем кечинде күндөлүктүн башталышын үстөлүмө таштап кетти. Окуп көрүп, кубанганды айтпа, теманын дал үстүнөн чыккандай, далайдан бери башында бышырып жүргөндөй кызыктуу жазыптыр. Жабалактап окуп жаткан эл көз алдыма элестеп кетти. Күндөр зымырап “Таксисттин күндөлүгү” сандан-санга уланып, окурмандардын кызыгуусун айтпа. Кубалап окугандар редакцияга чейин келип, гезит алып кетип жүрүштү. Жазылуу өнөктүгү да жакшы болуп, миңдеген күйөрман, окурмандарга көбөйүп, “Туунун” нускасы өстү. Кайсы бир жылдары Италиянын мафиясы жөнүндө “Спрут” аттуу сериал Россиянын биринчи каналынан күн сайын көрсөтүлө баштаганда кечкисин шаардын көчөлөрүндө эл кадимкидей азая түшкөн. “Таксисттин күндөлүгү” чыккан сандар да гезит күркөлөрүндө калбай, сатуучулар редакцияга келип, кийинки сандан жүздөн, жүздөн заказ кылып кетип жүрүштү. 

Элдин оюнда жүргөн көйгөйлүү турмушту жазып аткан Эсекем бир күнү келиптир. “Абдыке, муну токтотпосок болбойт, чыкпай калды” деди аргасы түгөнгөндөй. Макул болгон жокмун. “Эсеке, эң кызыгына эми жеткенде эмне дегениңиз, элге кызык болуп жатпайбы! Сизди башка иштердин баарынан бошотоюн, жалаң ушул чыгарманын үстүнөн гана иштеңиз” деп ак көңүл Эсекемди кайра жаңы дем менен ишке салдым. Кариет, чыгарма кайра чыйралып, мурункудан да кызыктуу жазылып, калем улам арылаган сайын көмүш уйдай ийип берип турду. “Таксисттин күндөлүгү” ошол кезде гезит тагдырына таасирдүү роль ойногонун азыр да чоң канааттануу менен айта алам. Кийин да жарым жылга чейин сандан-санга жарыяланып, кийин жарык көргөндөрүн топтоп, “Миң бир күн” деген аталышта эки китеп болуп басмадан жарык көрдү. 

Адам көңүлү дегенде Эсекем үстүндөгү үйүн берип туруп кетчү. Ошондой эле болбодубу... “Советтик Кыргызстан” гезитинде көп жыл иштеп, жеңебиз экөө эми-эми үй алабыз деп биринчи кезекте турушат. Ал кезде үй алуу бактысы, сизге жалган, мага чын, өмүр бою бир жерде иштеген адамга гана буюрбаса, башка жерден үй алуу тозоктун-тозогу эмес беле? Редакцияга Кудай жалгап, төрт бөлмөлүү үй бөлүнүп калат. Үй алуу кезеги жыйырма жылдап көчүк айланбаган батирде төрт баласы менен күн көрүп келаткан Эсекемдики болчу. Үйдүн ордери колуна тийип, “Кузнечная крепость, кайыр кош!” деп кубанычы койнуна батпай турган Эсекемдин алдына редакциянын сүрөтчүсү Марат Айтакунов келет. “Эсенбай, менин оорукчан балам бар, дарылаганга шарт керек. Кезегиңди мага бер, үйдү мен алайын, менин шартымды сен гана түшүнөсүң” дегенде айкөлдүгү ааламда жок Эсекем колундагы ордерин үй-бүлөсүн таңкалтырып, Айтакуновго кармата берет. “Биз чыдайбыз, кийинки тамды алсак деле болот” деп күтүүсүз чечим чыгарып, Кузнечная крепостто дагы кыйла жыл күн кечиришет. “Советтик Кыргызстан” гезити ошол кездеги Борбордук Комитеттин органы болсо да эки-үч жылда барып, бир үй бөлүнчү. Эсекемдин ошол жакшылыгы бүгүнкү күнгө чейин көбүн таңкалтырса, көбүн жанда жок сыпайылыгы, сабырдуулугу, жапакечтиги суктандырып келет...

Оорукананын короосуна киргенде эки инисин ээрчиткен Эсекем алдыман чыкты. Баягы күнү Абдимухтар досум экөөбүз келгенибизден кыйла шайдоот көрүндү. Кучакташып көрүштүк. Палван көкүрөгү, чымыр денеси дарт азуусунда чайналып, шылынганы менен көздөрү баягысындай эле күлүңдөп, жашоого кумарлуу. Эртең жүрөгүнө операция болорун, тез-тез кармап шайын оодарган приступтан биротоло кутуларын, "Кыргыз тили" гезитинин жаңы санын бейтапканадан эле даярдап койгонун деми кыстыгып, энтиккенсип айтканы камтама кылды. Күн тийген жер менен ары-бери бастык. Тизгиндеш жүрүп, жашоодон тапкан жылдыздуу учурлар, жеңген жылдар, жеңилген күндөр жөнүндө да кеп урдук...

-- Эсеке, эртең операция болсоңуз энергияны сактаңыз, ичкери кириңиз, - десем адатынча тамаша-азилге салып:

-- Жүрөктүн энергиясы жетет, азыр жасайбыз десе, азыр даярмын. Бул күндү жүрөгүм экөөбүз күткөнбүз, - деди.

-- Кудайым бар, Эсеке. Жеңилинен берсин! - дедим. Эмнегедир Эсекемди кучактап коштошкум келди. Кучактап “кумурскага зыяны жок асыл агамдын өмүрү өзүнө аманат. Өмүрдүн узагынан бере көр” деп ичимден жараткандан жалынып жибердим. "Төрт-беш саат жасашат деп айтышат. Эртең келем деп убара болбо, балакай" деди баягыдай бейгам күлүп. Кандай жайдарысыз, Эсеке!

Карачы, акылман Эсекем этият-шарт дегенби, операцияга кирип баратып "пашарт, ойдогудай болбой калса, мени Көк-Белге алып кеткиле, апамын жанына койгула" деген керээзин иниси Эркинбекке калтырганын кийин уктук.

Эртеси операция жасалып жатканда Эсекем саар-кеч басып жүрчү бейтапкананын бир капталында жоон топ, ак санаалаш достору Эсекемдин тубаса таланттуулугун, улуу-кичүүгө күйүмчүл, адамда жок асылдыгын, жаштык-мастыктын куунак күндөрүнөн ширелүү кеп салып, андан аваз-ыракат алып баарыбыз бейкапар элек.

Кариет, Эсекемдин кайратынан жанбаган эстүү жүрөгү эчен жыл эзмелеген илдеттин башынан аттап, жашоонун ак жарыгына алып чыкты! Эртеси түштөн кийин палатысына башбаксам соткеси менен (мени айран-таң калтырып!) бакылдап бирөө менен сүйлөшүп жатыптыр. Куштай сергек көрүндү көзүмө! Бирок, күчтөнүп, эмоциялуу сүйлөгөнү жаккан жок. Анан дагы аркасына жаздык койдуруп, керебетине отургусу келип, келгендер менен жатып алып сурашканды өөн көрдүбү, "Эсеке, жата бериңиз, козголбоңуз!” дегенибизге болбой, тикеленип баамчыл, мээри төгүлгөн көздөрү менен алмак-салмак бизди карап, устара уусуна угуп турса да, мырзалыгынан жазган жок го, чиркин!.. Ошентип жатып да куудулдана күлдүрүп, а биз жетине албай сүйүнүп, тирүүлүктүн асыл баасын, алмашкыс кунун жандүйнөбүз менен сезип турдук!

Көрсө, Эсекемдин эрдиктерге бышкан, күрөшчүл жүрөгү анын акыркы каалоосун аткарып, асыл агабызды дос-жарына, урук-тууганына, көкүрөк күчүгү Амантурга жүздөштүрүп, бирок да, жашоого дилгир муштумдай жүрөгү арабыздан асылдарды терип алганына алымсынбаган кызыл көз ажалга алы жетпей чеңгелинде тыбырап турганын кайдан билдик!.. Эх, тирүүлүк! Сенин улуулугуңду такай эстеп, эстүү жашап жүрө албаган биз кандай гана армандуубуз!..

Түз эле бейтапкананын короосунда Эсекемдин сөөгү салынган унааны ортого алып, алыскы Ноокаттын Көк-Белине жол тартаарда жүрөгүбүздүн күйүт жалынын төгүп алгыбыз келди. Аза күтүү митингиси башталды... Күн жолунда тапкан курбу-курдаш, достору, инилери, туугандары ак эмгектен өсүп-өнгөнүн, буюрган кызматты ийинине чыгарып, артында кылымга калар мүрөктөй мээнет калтырганын, таарынычка кечиримдүү, ырыскыга тамырлаш, жакшылыкка жарык маңдай, бейчеки бирөөнүн көнүлүнө азар бербей, колундагы насибин тең бөлүшкөн айкөлдүгүн, бейкүнөө бирөөгө сын такпаган, назары чөккөн күнү да көөдөнү көктө жүргөн, санаадан тапкан сыркоосун жан адамга билгизбей алп Алыкулдай өлүмгө тике карап, жаман ойго жеңдирбей, кайгыга алдырбай, өмүр бою сөз ырыскысына супарадай таза мамиле жасаганын айтып жатышты. Абдыганы, Насыр акалардын, Абдыкадыр, Абдыганы, Абдимухтар, Таалайбек, Бактыбек достордун, Сакы, Асан, Мамат, Бакбур инилердин каректерин жаш чайып, Эсекемдин урук-тууганы, инилери, балдары, аяштары арман-күйүткө батышты...

Эсенбай Калдаров агабыз ырларын жогору баалаган таланттуу акын Тургунбай Эргешовдун төрт сап ыры көмөкөйүмдө кайталанып, карегимди жаш чаят: 

Жакшы кал, жашоо берген жарык аалам,

Жашагым келген эмес сенде жалган.

Ыр менен ыйласа ыйлап, күлсө күлдүм,

Айырмам ошол эле башкалардан...

Күн уясына кылкылдап батып баратканда Эсекемдин сөөгүн салган унаа Төө-Ашуунун белинен бурулуп, Ала-Белге ылдыйлады. Эсекем бул жол менен эми Бишкегине экинчи кайтпайт. Тирүүлөр менен кайыр-мазир кылып, тууган жерине түбөлүккө калмакка Көк-Белге, ата жайга, көз көргүс келбестикке, акыретке сапар алды... Бул жарыкта жалганы жок жашадыңыз, Эсеке! Жакшылык менен жылуу сөзгө уютулган жаныңыз жаннатта жүрсүн, жан ака! Сиздей адам дагы келээр бекен?..


Абдиламит Матисаков 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер