Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жыргалбек Касаболот: “Учурда Кыргызстанга терең таасир эткен үч чоң күч бар”

Жыргалбек Касаболот: “Учурда Кыргызстанга терең таасир эткен үч чоң күч бар”

20-февраль, 21:05
2 304 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Журналисттердин коррупциялык схемаларды ачып көрсөтүүлөрү жана ага тийешелүү органдардын көңүл коштугу тууралуу пикириңиз?

-- Журналисттер – коомдун атынан кеңири маселе көтөргөн адамдар. Алар жүргүзгөн иликтөөлөр бир топ мээнетти, тобокелге салган чечкиндүүлүктү, кылдаттыкты талап кылат. Жалпысынан алганда, иликтөө абдан машакаттуу жана жоопкерчиликтүү жумуш. Бул жанр жалпы эле журналисттердин колунан келе бербейт. Ошондуктан иликтөө жанры баардык өлкөдө жогору бааланат. Антсе да журналисттердин колунда бийликтикиндей ыйгарым укуктар, мүмкүнчүлүктөр жок. Коомчулукта, анын ичинде маалымат каражаттарында айтылган маселелерди изилдеп, андан ары тереңдетип, тийешелүү чечим чыгарыш бийликтин колунда. Эгерде иликтөөлөрдө айтылган фактыларды бийлик эске албай, пайдаланбай, тийешелүү чара көрбөй жаткан болсо, анда бийлик ошол терс көрүнүштөр менен кызыкчылыгы бир деген тыянак келип чыгат. Бул кайсы бийликтин болбосун аброю үчүн кыйла кооптуу жагдай.

-- Журналист, аналитик катары азыркы бийликтин тегерегинде жүрүп жаткан маалыматтык саясатына кандай баа бересиз?

-- Садыр Жапаров ЖМКдагы маектеринин биринде 50гө жакын "WatsApp" тайпа түзүп, түрмөдө отурганда эл менен иштешкенин моюнга алды. Бул анын: а) түрмө режимин бузганын; б) социалдык тармактардын ролун жакшы түшүнгөнүн; в) социалдык тармактарда болуп жаткан нерселерден кабардар экенин айгинелейт. Жогоруда айткандай, өзүнүн эл алдындагы аброю үчүн биринчи иретте саясатчылар өздөрү жооптуу. Эгерде ал өз китебинде партиясына Казакстандан акча келгенин моюнга алып жазып жатса, кийин келген басма сөз катчысы да, командасы да аны кайра чийип таштай албайт. Өкмөт башчы кайсы бир жерди Тажикстандыкы экен деп аткан болсо, тажик тарап аны сөзсүз өз пайдасына колдонот, анткени премьер-министрден тартып атташеге чейин расмий сөз катары бааланат. Бийлик башындагылар өздөрү бир сүйлөп, убадасынан танбай, сөзү менен ишиндеги карама-каршылыктарды жоюуга кам көрүшү керек жана ар бир сөзүнүн жоопкерчилигин ойлой жүргөнү жакшы. Ошон үчүн бийлик башына келип отурат.

-- Социалдык тармактарда Сооронбай Жээнбеков жакын санаалаштарына пресс-кызматынын калпыс саясаты анын ишине тескери таасир бергени тууралуу айтканы жөнүндө маалыматтар таркады. Буга сиздин оюңуз?

-- Мен Толгонай Стамалиеваны мыкты журналист, Жээнбековдун саясый өнөктүктөрүндө абдан чоң салым кошкон адис катары билем. Мен билгенден жакшысын ашырып, жаманын жашырып келди. Бирок басма сөз катчылар чечим кабыл алуучу кишилер эмес. Анын аброюн оңдоп-түздөп, идеялары менен сөздөрүн элге жеткирүү менен гана чектелет. Жок нерседен барды кыла албайсың. Андыктан, эгерде жетекчи өзү сөзүнөн жаңылып, саясый ката кетирип, туура эмес чечимдерди кабыл алып аткан болсо, анда басма сөз катчынын күнөөсү эмес. Жетекчинин өзүнүн жоопкерчилиги.

-- Ар жекшемби сайын активисттер тынч митинг жүргүзүп, аны менен өзгөрүүлөргө жетүү аракетин көрүүдө. Оң натыйжасы болоруна ишеним барбы?

-- Анын натыйжасы бийликтин аракетине жараша болот. Эгерде маселени чындап чечкиси келсе, анда көтөрүлгөн маселе боюнча чара көрөт. Чечкиси келбесе, митингдин уюштуруучуларына каршы чара көрөт. Анан ошонун жыйынтыгына жараша кээде эл да чара көрөт...

-- АКШнын элчиси коррупцияга каршы күрөшүү, конституциялык маселелерде активдүү иш алып баргандарды жактап атпайбы (оппозициялык маанайдагыларды). Ал эми аларга каршы тараптар ошол жактан финансылык колдоо алган (!) дешүүдө. Эки тараптын тең өз чындыгы бардыр?

-- Эгерде айтылып жаткан нерселер чын жана жүйөлүү болсо, аны пайдаланыш керек. Кимден колдоо алганына жана артында ким турганына карабастан колдонуш керек. Эл арасында айтылып жаткан сигналдарга андан да жакшыраак көз салып туруу парз. Андан да жакшысы – коррупция сыяктуу иштерде мамлекет өзү демилгечи болуп, чечкиндүү аракеттерди өзү баштаганы оң. Бул мамлекет АКШныкы же Россияныкы эмес. Бул мамлекет Кыргызстандын элиники. Коррупция менен күрөш чет мамлекеттерге эмес, биздин өзүбүзгө керек. Кыргызстанга ушу тушта терең таасир этип жаткан үч чоң күч бар. Алар – Батыш мамлекеттери, Россия жана ислам борборлору. Алардын баарынын артында эбегейсиз зор финансылык, маалыматтык жана саясый ресурс турат. Булардан көз карандылыгын азайткысы келсе, мамлекет биринчиден жемкорлор менен чындап күрөшүп, ички тартипти чындап бекемдеп, адилеттикти чындап калыс кылып, бара-бара үчөөнүн тең таасиринен чыгып кеткени жакшы. Анүчүн саясый эрк зарыл.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер