Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Качкын Булатов, укук коргоочу: “Министр Бейшеналиевди эмес, депутат Нарматованы күнөөлөсө туура болот”

Качкын Булатов, укук коргоочу: “Министр Бейшеналиевди эмес, депутат Нарматованы күнөөлөсө туура болот”

12-октябрь, 19:18
590 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Надира Нарматова менен Алымкадыр Бейшеналиев экөөнүн сүйлөшкөнү интернетке жарыяланып кетти. Айрымдар “бири министрликтен, экинчиси мандатын тапшырсын” деп чыгышты. Күнөө кимде?

-- Алымкадыр Бейшеналиев Надира Нарматовага кайрылган жок да. Надира Нарматова Бейшеналиевге тууганына кызмат сурап кайрылды. Депутаттардын ар кайсы министрлерди сындап, кайра жакындарын кызматка ал дешкенин элдин баары эле билет. Ошондуктан Бейшеналиевди эмес, Нарматованы күнөөлөсө туура болот. Негизи депутат болуп отуруп, жакындарына ар кайсы министрликтен кызмат орун сураганы калпыстык. Ошон үчүн Алымкадыр Бейшеналиевди тепкилете бербей, резюмесиз кызматка алдыргысы келип жаткан тарап жоопкерчиликти алышы керек. 

Азыр бирөөнүн бирөөгө тыңсына турган учуру эмес. Баарынын күнөөсү жетиштүү. Башкаларга асылып, обу жок сындап жаткандардын да артында былыктары бар... Бул айымдыкы да жетиштүү. 

 -Анткениңиз менен депутат Надира Нарматова муну каралоо катары карап, бейөкмөт уюмдарынын чабуулу деп жатат го? 

-- Мисалы, мен бейөкмөт уюмдардын алып барып жаткан иштерине абдан ыраазымын. Анткени, мамлекеттин өнүгүп-өскөн фактору Нарматова эмес, бейөкмөт уюмдарда. Мисалы, бейөкмөт уюмдар демократия, сөз эркиндигин туу туткан, адамдарды жыйналышка чогултуп, пикет, митинг учурунда ичиндеги ой толгоолорун ачык айттырган мекеме. Ошол бейөкмөт уюмдар аркылуу биз ушул убакка чейин келдик. Аны эч ким жокко чыгара албайт. Ал эми Нарматова болсо Кыргызстанды өнүгө турган жаратман демилге деле көтөргөн жок да. Бейөкмөт уюмдар менен айтышып эле отурат. Анан катачылыгын дагы ошолорго шылтап, түштөн кийин актанып жатат. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер