Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Туугандыктын белгиси же Турабай Жороев кыргызчалаган ажайып китеп жөнүндө

Туугандыктын белгиси же Турабай Жороев кыргызчалаган ажайып китеп жөнүндө

09-декабрь, 18:58
815 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз жаш кезибизде бизден 4-5 чакырым эле алыс турган Өзбекстандын Кувасай, андан арыраакта Фергана, Маргалан деген шаарларында күнүмдүк турмуштук иштер менен көп болор элек. Анүстүнө биздеги ал кездеги чоң үч батарея менен иштеген “Родина” деген радиоприемникте Фрунзени жакшы тартпай Ташкентти гана угат элек. Алардын эртеден кечке берген концертин угуп, Өзбекстандын артисттерин, акын-жазуучуларын да беш колдой билчүбүз. Өзбек жазуучуларынын китептерин да ошол шаарлардын сатып алып окуур элек. Ал кезде шахтёрлордун шаары делген Кызыл-Кыя орустардын шаары болгондуктан жалгыз китеп дүкөнүндө кыргызча китеп болбойт эле.

Советтер союзунун алгачкы жылдарындагы “Өткөн күндөр” Абдулла Кадыри (Жулкунбайдын) “Мехробдан чаён” Кокон хандыгы жөнүндө, Мырза Калондун “Фергана таң атканча” андан берирээк келгенде Ш.Рашидовдун “Күчтүү толкундар”, өзбек классиги Айбектин чыгармаларын өзбекче жата калып окучумун. Азыр эгемен жылдарда чыккан Мухамад Юсуф, Ш.Башбековдун жаңы чыгармаларына көз кырымды салганга аракет кылам. Айтмакчы, Чыңгыз Айтматовдун да чыгармаларын алгач алтымышынчы жылдары “Сарф камаат Дилбарим” деген аталыштагы китебин Кувасайдан сатып алып окугам. 

Булардын баардыгын терип-тепчип айтып жатканым, Турабай үкөм мурда-кийин мага тааныш эмес Манап Эгембердиев (Турабай Маннап Эгамбердиев деп жазыптыр) деген жазуучунун “Сары ажыдаардын казаты” аттуу чыгармасын кыябына келтире кыргызчалаптыр (которду дегенге караганда ушул туура го!).

Бул китеп өткөн кылымдын сексенинчи жылдары өзбек тилинде жазылып бүтөт. Автор өзү профессионал жазуучу эмес, экономиканын доктору, профессор. 1980-жылы Өзбекстан жазуучулар кошууну басмага басууга чечим чыгарат. Бирок бул кезде Кытай менен СССРдин мамилеси начар абалда эле, ошондонбу же башкасыбы, жылдар өтөт, романды басышпайт. Автор 1984-жылы Ш.Рашидовдун кабыл алуусуна жетишет. Рашидовдун инисинин кызын автордун уулу алган, демек, куда да болушат. Рашидов авторду (кудасын) идеологиянын секретары менен кошо кабыл алат. Он беш мүнөткө эсептелинген кабыл алуу 2 саатка созулат. Рашидов өзү да жазуу кухнясын жакшы билгендиктен, барактап, айрым жерлерин үңүлө окуп, “абдан жакшы” деп баалайт. Секретарга сөзсүз басуу керек экенин айтат. Дагы жылдар өтөт, эч сөз жок, эми автор секретардын кабыл алуусуна кирет. Ал киши акырын Рашидов жакты жаңсап көрсөтүп, колун жаят. Ошондо гана бул китеп Өзбекстанда чыкпашына көзү жетип, машакаттанып орусча кайра жазып чыгат. Өзүнүн айтканы бар экен “докторлук диссертация жазганга караганда он эсе кыйын болду” деп.

Эми чынында бул 900 бетке жакын эки китептен турган романды окуш керек, бул деген биздин кылымга чейинки Кытай империясынын заалим баскынчылыгы, эсепсиз согуш, эсепсиз кан төгүү, кытайдын жөнөкөй эмгекчи калкынын турмушу, чарчоону билбеген кытайлардын көргөн азап-тозогун, эсепсиз курмандыктарын эле эмес, бизге Кыргызстанга жанаша жаткан жерде болуп жаткандыгы менен да кызык эмеспи! Ошондуктан бул эмгекти таржымалаган Турабай өзү да минтип белгилептир: “...башкы максат – романдагы окуялар Хань, Кытай аймагы менен бир катарда кыргыз жергесинде, Ысык-Көлдө, Саймалы-Ташта, Көгарт менен Массыда, Базар-Коргон менен Кара-Алмада, Ош менен Араван аймагында, Даванда (кадимки Фергана өрөөнү)... ашык кеми жок 2 миң жыл мурдакы тарыхый окуяларды, көөнө тарыхты калкыбызга жеткирүү да турат” деп. Демек, бул китеп Кыргызстандын көөнө тарыхын да кучагына алган эмгек эмеспи! 

Ошондуктан бул эмгек кыргыз окурмандарынын китеп текчесинде турган “Сынган кылыч”, “Көк асаба”, “Майдан”, “Хан Тейиш”, “Көчмөндөр кагылышы” ж.б. классикалардын катарынан орун алат деген илгери үмүт бар.

Ошентип бул китеп Өзбекстанда чыкпай, Москвадан 1984-жылы “Воениздат” деген басмадан 100 миң нуска менен жарык көрөт. Бул жагынан тагдыр Чыңгыз Айтматов менен да окшошуп кетет. Бул кезде кайра куруу процесси башталып, Рашидовдун да үстүнөн кара булут айланып, анын кудасы деп авторго да ызгаары тийип турушу турган иш эле да. Бирок Москванын адабий сүйүүчүлөрү бул эмгекти өтө жогору баалашат. Кийинки эле жылдын (1985) февралында “Тень желтого дракона” деген ат менен чыккан, бул эмгек СССРдин коргоо министринин алтын диплому менен белгиленет, аны ошол кезде публицистика, адабият, саясат жагынан ташы жогору кулап турган генерал-полковник Д.А.Волкогонов тапшырат. Чынын айтканда, союздук деңгээлде кеп-сөзгө алынган тууганыбыздын бул эмгегин биз Кыргызстанда биле берген эмеспиз. Мүмкүн адабият менен шугулданып жүргөндөр билсе билгендир, бирок бизге окшогон катардагы окуучулардын кабары жок эле.

Эми китептин автору жана аны кыргызчалаган Турабай жөнүндө бир ооз сөз айтып токтотпосом узарып кеткендей болуп жатат.

Сөздүн башында эскерткендей, автор Манап Эгембердиев тууганыбыз өзү окумуштуу-экономист. Уулу Шухрат азыр да Өзбек академиясында иштейт, институттун директору, академик. Анын айтымында, автордун китеби Москвадан чыккандан кийин атасы биротоло эле жазуучулукка көчкөн экен. Анүстүнө Өзбекстан да СССРдин жоюлушу менен эгемендик алып, өзүнчө түтүн булата баштайт. Ошондо ал киши советтик өкүмчүл саясатынан элдин турмуш-тиричилигинин начарлаганы, арзуу-сүйүү ж.б. ар түрдүү жанрларда эмгектерин жаратат. Тарыхый, маданий өзгөрүүлөргө шайкеш өзбек тилинде атам замандан келе жаткан казал, мухаммас, касыда сыяктуу жанрларда да чыгармаларды жаратат. Ал тууралуу мындан чейрек кылым мурда (2000-жылдары) Өзбекстандын баатыры, калк акыны Эркин Вахидов “эми Абдуманап ака атом бомбасынын жаңы түрүн жаратыптыр десе да таңгалбай турган болдук. Не десеңиздер, тарыхый романды орусча жазыш өзүнчө касиетке ээ . Ал эми арзуу ыргатында ыр жаратуу үчүн таптакыр башка касиетке ээ болуш керек. Айтмакчы, бул кишинин экономика илимдеринин доктурлугун эске алсак, бир адамдын мынчалык көп кырдуу болушу эч кимди кайдыгер калтырбайт”. Мына ушундай адамдын эмгегин кыргызчалап берген Турабай Жороевге рахматыбызды айтабыз. Бирок андагы котормонун теориясы, жол-жобосу жөнүндө, урунттуу жерлери, мазмундук түзүлүшү ж.б.у.с. маселелерди атайын адис сынчылар айтышаар. Мен алардын оокаттарына кол салбайын. 

Мен анча маанилүү болбосо да өзүм байкаган айрым гана нерселерди ортого сала кетейин. Мисалы, Турабай китептин көп жеринде: “...сен кайсы дөөлөттөнсүң?”, “...кайсы дөөлөттөн келдиң?”, “...бир дөөлөткө биригели”, “...көп дөөлөттөр” ж.б. деп колдонгон. Өзбек агайиндер мамлекетти – давлат дешет. Кийинчерээк байкап жүрөм “Өзбекстон келачагы буюк мамлакат” деп да айтып-жазып жүрүшөт. Ошондуктан мамлекет деген түшүнүк “дөөлөт” деп башкачараак маани берип калган. Же болбосо “давлат” деп деле бере берсе деле болмок. Дагы бир жерлери: “...адисинен ашып...”, “...адиси толуптур...” ж.б. Бул эми бизде ичкиликтерде айрыкча Тактекте, Оргуда “адидан ашты”, “ади толуптур” деп күндөлүк сөздө колдонушат. Юдахиндин сөздүгүндө жок. Ал эми адис, адиси деген түшүнүк (Юдахин сөздүгү, 23-бет) таптакыр башка маанини берет. Адистик менен байланыштуу. Ал эми академик Абдылдажан Акматалиевдин жалпы редакциясы менен жарык көргөн “Кыргыз тилинин сөздүгүндө” ади – чен өлчөм, адидан ашуу – чектен чыгып кеттүү деп көрсөтүлүп турат (29-бетте).

Эми бул өтө эле чоң ката деп эсептелбейт жана эмгектин баасын азайта албайт. Бул китеп которулушу жагынан Камбар ака Ботояровдун 1977-жылы Москвада биз көрүп калган “Каар заманынын” деңгээлинде десек болот. Анда эмесе, ак жол сага, Турабай Жороев кыргызчалаган “Сары ажыдаардын казаты”.


Жолборс Жоробеков, профессор  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер