» Саясат » Генерал Асанов жасалма кылмыш иштеринен акталып алса, эчен ашууларды ашат
Генерал Асанов жасалма кылмыш иштеринен акталып алса, эчен ашууларды ашат
11-апрель, 19:30
510 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Саясый куугунтуктун негизинде Курсан Асановго бир канча жасалма кылмыш иштери козголуп келген. Мындай карасанатайлык Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда башталып, укук коргоо органдары кыйла адилетсиз аракеттерге барганы жашыруун эмес. Мезгил агымына жараша баары ачыкталып, чекесинен “сына” баштады. Генерал үч ирет түрмөгө отуруп чыкты. Бирок жамандыкты, сыноону татыктуу түрдө көтөрүп, эркинин күчтүүлүгүн көрсөттү. Учурда кылмыш иштеринен акталуу процесси аягына чейин жүрүшү керек. Биз демократиялуу, таза коом курууга ниеттенсек, бийлик кара кылды как жарган калыстыкты бекемдей алса, анда Курсан Асанов толук кандуу акталышы шарт. Бүгүнкү күндүн талабы ушул. Каарманыбыздын башы бошоп алса, келечекке карай эл кызматында болору, эчен ашууларды ашары талашсыз чындык.