Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орозбек Молдалиев: “Чек ара маселеси чечилмек, бирок наркобарондор тоскоолдук кылышууда”

Орозбек Молдалиев: “Чек ара маселеси чечилмек, бирок наркобарондор тоскоолдук кылышууда”

02-июль, 12:20
2 164 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- АКШ аскерлерин Афганистандан чыгарып кеткенден кийин талибдер күч алып, Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн экени айтылууда. Алардын Кыргызстанга болгон таасири кандай болушу ыктымал?

-- Талибандардын учурда активдешип аткан себеби, АКШ өздөрүнүн аскерлерин алып чыгып кетти. Бирок, Борбор Азияга кирип келет, кол салат дегендер чындыкка анча коошпойт. Талибандар афган аскерлерин Тажикстан тарапка сүрүп чыгарышы эмнени билдирет? Аларга каршы Түндүк Альянс деген уюм бар болчу. Эгер талибдер бийликке келсе, ошолор аркылуу Өзбекстан менен Тажикстан каршылык көрсөтүшү мүмкүн экенин билишет. Ошон үчүн алар өз багыттарын чыңдап атышат. Ал эми Кыргызстанга алардын эч кандай дооматы деле жок. Алар Афганистанда бийликке келе элек. Бийлик үчүн күрөш алдыда. Азыркы афган өкмөтү жөн эле бийликти бере койбойт. Ортодо дагы жарандык согуш чыгат. Талибдер бийликке келген күнү деле өздөрүнүн мамлекеттик түзүмүн чыңдоого аракет кылышат. Көп маселелер бар. Афганистанда бийликке жете албай жатып, Борбор Азияга кол салып эмне кылат?

-- Бирок мындай маалыматтардын чыгышы деле жөн жерден эместир?

-- Бул боюнча кимдер айтып атканын түшүнүп атабыз. Алардын максаты – Борбор Азия мамлекеттерин талибандарга каршы коюу. Бирок, талибандар кандайдыр бир диний башкаруудагы мамлекетти курууну көздөгөн уюмдарды колдошу толук мүмкүн. 

-- Ал эми АКШ базасын Кыргызстанга киргизүүгө уруксат берилсе кандай болмок?

-- Анын бизге көп ыңгайлуу жактары бар. Ошондо бизде геосаясый баланс түзүлөт. Жалаң эле бир күчтүн көзүн карабайт элек. Кыргызстанга болгон эл аралык мамиле да өзгөрмөк.

-- Президенттин Тажикстанга болгон сапары эл ичинде бир топ сынга кабылып, ар түрдүү пикирлер айтылды. Башында президент Тажикстанга барбай турганы айтылып, кийин өзгөрүп кетти. Эмне себептерден улам? Ал визиттен бир майнап болобу?

-- Эми болору болду. Президент барды. Барууга себеп катары божомолдор бар. Путин менен жолугушуп келди. Андан кийин Кыргызстанга Россиянын өкүлү келип кетти. Булардын баары маселени барып чечкиле деген көрсөтмө болгону жөнүндөгү божомолдорду далилдеп турат. Эми баргандан кийин бир маселе чечилдиби? Кеп ошондо. Эки тараптын жолугушуусунда оозеки сөздөр айтыла берет. Бирок, жок дегенде чек араны чечүү боюнча меморандумга кол коюлса жакшы болмок. 

-- Чек араны тактап, чечип алууга эмне тоскоолдуктар бар?

-- Чек ара маселесин эки өлкө эчак эле чечип алмак. Бирок, буга каршы күчтөр арбын. Алар – наркобарондор. Такталбаган чек ара тилкесинен наркотранзит оңой эле өтөт. Буга кошумча, эки тараптын тең эле бийлик бутагындагылар аралашкан. Ушуга окшогон маселелер эрегишти күчөтүп атпайбы. 

-- Азыркы бийликтегилерден да барбы?

-- Болушу мүмкүн. Бирок, азыр аны токтотобуз деген чечкиндүү кадамдар жасалып жатпайбы. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер