Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз профессионалдык оркестр музыкасындагы дагы бир жаңылык

Кыргыз профессионалдык оркестр музыкасындагы дагы бир жаңылык

22-ноябрь, 13:36
887 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында эле Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында тарыхта биринчи жолу Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестри жана чон симфониялык оркестринин кайым айтыш уникалдуу номери тартууланып, музыка сүйүүчүлөр жакшы жөрөлгөнү байкашты. 

Алгач Шекербек Шеркуловдун “Эргимеси” эки оркестрдин аткаруусунда башталып, андан кийин эл аспаптар оркестри менен симфониялык оркестри кезек-кезеги менен кайым айтышып, белгилүү орус классиги Георгий Свиридовдун “Метель” чыгармасы коштоп, бир оркестрден экинчи оркестрге кынтыксыз кантип өткөнү билинбей, өзгөчө маанай тартуулады. Көрүүчүлөрдүн залды жара алакан чапканы оркестр менен бирге ойноп жаткандай жарышып турду. “Эми кандай болот экен? Дагы кайсы чыгарманы аткарат экен? Дагы эмне жаңылык кылып жиберет болду экен?” деп кызыгуу менен тыңдап отуруп, телефонго, фотоаппаратка тартпай калганыма бир аз өкүндүм. 

Бишкек шаардык мэриясынын оркестрлеринин башкы дирижеру Бакыт Тилегеновго таандык идея экенин билип, абдан ыраазы болуп, суктанып турдум. Бул боюнча экөөбүздүн ортобузда жакшы сөз болгон. “Бышырып атам” деген. Бакыт кайсы топту жетектебесин, чыгармачылык бийиктикке, профессионалдык чеберчиликте өзү жетектеген топтордун ийгиликтүү болушуна шарт түзүп берип келүүдө. Атап айтсак, Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын К.Орозов оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру болуп 2001-жылдан 2005-жылдары жетектеп, оркестрдин курамы менен Орусия, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Пекин, Тяньцин, Инин, Үрүмчү шаарларында концерттик иш-чараларга жандуу  катышкан. Кийинки жылдары Ташкент шаарында  Франция, Индонезия, Россия, Татарстан, Казакстан жана башка өлкөлөрдө өткөн эл аралык фестивалдарда нечен ирет “Эң мыкты дирижер” деп таанылган. 

Сөзүмдүн соңунда КР эл артисти, көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү, дипломанты Бакыт Тилегенов жетектеген оркестрлер буга чейинки көптөгөн ийгиликтерди багынтып, кыргыз профессионалдык оркестр музыкасынын аброюн бийик көтөрүү менен коңшулаш жана чет өлкөлөргө пропагандалоодо өз салымын кошуп келет. Ушул басыктан тайып (көзүн май басып) кетпей, алдыда дагы нечендеген белдерди, ашууну ашат деп ойлойм.


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер