Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакиев келсе, элден ынтымак кетип, бөлүнүп-жарылуу күчөйбү?

Бакиев келсе, элден ынтымак кетип, бөлүнүп-жарылуу күчөйбү?

16-март, 12:00
875 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн улам бир аракеттер көрүлүп атканы кандай? Кан төгүүлөрдү элибиз кечиреби?

Рита Карасартова, укук коргоочу:

-- Бакиевди алып келүүгө, анын ишин кайра карап чыгууга, элдин алдында башкача баа берүүгө аракеттер 2021-жылдан башталган. Буга чейинки президенттердин баарын бир жерге жыйнаганы дагы ошол иштин бир кадамы эле. Эң өкүнүчтүүсү, бизди 7 миллион кой катары көргөндөр сөздөрүн иш менен далилдеп атышат. Ошол кезге "улутташтырылган" мүлктөрү кайра эле колдоруна кайтты, жакын адамдары кайра бийик кызматтарды аркалашты... Айтор, көрөгөчтүгүбүз, ар-намысыбыз жоголуп бараткандай сезилет, туюлат жана көрүнөт.

Асыкбек Оморов, коомдук ишмер:

-- Мен да соцтармактардан Бакиевдерди алып келүү боюнча постторду окуп калып атам. Төмөн жагында адамдардын ар кандай пикирлери жайнайт. Эми ар түрдүү. Кем акыл, көөдөнү сокурлар айга-күнгө теңеп, кир жугузбай, идеал тутуп, тимеле андан өткөн падыша жок. Эгер келип калса, элдин көзүнчө көчүгүн жалаганга даяр... Ушу кантип болсун?! Арыдан-бери болуу керек. Канчалаган адамдын өмүрү кыйылды, канчалар жесир, жетим калышты... Ушу күнгө чейин канчасы саламаттыгынан ажырап, доктурдан доктурга барып жүрүшөт. Кээ бири өмүр бою майып бойдон калышты. Эмне Бакиев келе калса, ошо адамдар жөн эле кечирип, кучагын жайып тосуп алабы? Тескерисинче, “келсе эле атып салам” деп кыжырданып жүргөндөр четтен чыкса керек... Эгер кыргыз элинин ынтымагын сактап, тынчтыгын, бөлүнүп-жарылып кетпесин (!) дешсе, келбей эле койгондору оң. Эмне, аларда акча жокпу? Байлык жокпу? Ченеми жок Кыргызстанды тоноп кетишкен. Мейли, келсе келишсин, бирок бир шарт менен: Кыргызстандын сырткы карызы болгон 7 миллиард долларды төлөшсүн, андан кийинки тагдырларын эл чечсин.

Улан Рысбеков, милициянын ардагери:

-- Бүгүнкү күндө бийлик алгылыктуу көптөгөн жакшы иштерди жасап жатканы баарыбызга белгилүү. Бир да жерде тынч жаткан жер жок. Курулуштар, тазалык иштери жана чоң-чоң көптөгөн долбоорлор аткарылып, чыныгы тартип болууда. Ал эми бир убакта элди кансыратып, көптөгөн өлүмдөрдү алып келген бийликтин Кыргызстанга бут аттоого эч бир акысы жок деп ойлойм.

2003-жылдан бери коомдук тартипти сактоо боюнча жетекчилик кызматтарды аркалап келдим. Кызматка, бийликке, байлыкка, мансапка манчыркоо адамзатты арткы шыйрактан чалып жыга турган сыйыртмак экенин унутпашыбыз керек. Канчалык бийик көкөлөгөн сайын бутуңду жерден үзбөшүң абзел. Бакиевдердин бийлигинин кулашы буга так мисал болуп бере алат. “Алып келүү...” элибизде мындай провокациялуу сөздөрдү айтып, коомчулукка жайылтып аткан бир ууч чагымчыл, мурдунан алысты көрө албаган адамдарды тезинен иликтеп, аёосуз чара көрүү кажет. Бүгүнкү күндө бийлик тараптан ар кыл алгылыктуу не бир деген жакшы жумуштар жигердүү жүрүүдө! Элибизге тынчтык берсин, өркүндөп өсөлү!  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер