Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өз жанын кыюуга аракет жасаган министрге операция жасалды

Өз жанын кыюуга аракет жасаган министрге операция жасалды

12-август, 12:25
658 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коңшу Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёрзода үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Тажикстандын башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, окуя 11-августта болжол менен таңкы саат 05:00 чамасында министрдин Дүйшөмбү шаарындагы үйүндө болгон. Анда Худоёрзода үй бычагы менен өз жанын кыюуга аракет кылган. Өз өмүрүн кыюуга аракет кылган министрге анын аялы, уулу, кызы жана келини биринчи жардам көрсөтүшкөн.

Учурда 62 жаштагы министр Дүйшөмбү шаарындагы «Истиклол» мамлекеттик медициналык мекемесине жаткырылып, операция жасалган. Абалы канааттандырарлык экени белгилүү болду.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер