Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сайдулла НЫШАНОВ, ЖК депутаты: “Өкмөт гемодиализ менен камсыздоону толук өз мойнуна алды”

Сайдулла НЫШАНОВ, ЖК депутаты: “Өкмөт гемодиализ менен камсыздоону толук өз мойнуна алды”

05-ноябрь, 10:58
589 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сайдулла Канболотович, гемодиализ маселеси чечилчүдөйбү?

-- Кыргызстан боюнча баарын өкмөт колго алды. Гемодиализдин бир курсу 5 миң сомго жетпейт. Мурун токтомдо “бир айда 12 жолу” деп жазылып калган. Бирок, кээ бир айларга 31 күн болуп калганда он үчүнчүсүн да алыш керек болот. Ушул маселе чечилбей калган экен. Ошондуктан, биз оңдоп-түзөп, өкмөткө тапшырма бердик. Алар да дароо колдоп, “1 миллиард сомдон ашыгыраак акча бөлүндү, каржы бар, биз бул маселени чечебиз” дешти. Бирок, тилекке каршы, прогноз боюнча кант диабетинен, экологиянын бузулушунан улам жылына 350дөй жаңы адамдар кошулуп турат экен.  

-- Ошондо “өкмөт кезекке тургандардын баарын акысыз гемодиализ менен камсыздайт” деп айтсак болобу?

-- Ооба, өкмөт баарын өз мойнуна алды. Кезекте турган адамдар кайсы жерде ыңгайлуу болсо, ошол жерден алганга макулдугун берет. Эң башкысы, мамлекет каржы жагын чечти. Мамлекеттик ооруканадан алса дагы, жеке ооруканадан алса дагы мамлекет төлөп берет. Жогоруда айтым го, кээде 13 жолу алганда 10 миң сом болуп калат экен. Бейтаптын чөнтөгүнө оордук кылбасын деп, биз аны да чечип бердик. 


Аттокур ЖУМАЕВ

"Азия Ньюс" гезити 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер