Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдымитал Чынгожоев: “Жергиликтүү дарактарды көбөйтсөк, аба тазалаганга чоң таасири тиймек”

Абдымитал Чынгожоев: “Жергиликтүү дарактарды көбөйтсөк, аба тазалаганга чоң таасири тиймек”

06-ноябрь, 11:26
612 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы менен маек.

-- Шаарыбыздагы дарактар жыл сайын суюлганы аба булганганга да таасири тийгендей...

-- Бул жашылдандыруу маселесинде чоң көйгөйгө айланды. Бишкек шаары союз учурунда эң бир жашыл шаарлардын бирине кирчү. Алдыңкы көрсөткүчтөрдө эле. 

Азыркы күндөрү жашыл шаардын кунары качып, дарактар суюлду. Жаңы курулуштар көбөйүп, жашылдандыруу иштери солгундай түштү. Анүстүнө модага өтүп, ар кандай экзотикалык типтеги дарактарды эгүүгө басым жасай баштадык. Ар кандай түрлөрүн тигип жатышат. Бирок алар көп көмүр кычкыл газын кабыл ала алышпайт. Бизге негизинен жазы жалбырактуу чоң дарактар керек. Ошол жанагы биздеги көп сандагы эмен дарагы, чынар дарагын, теректерди көбөйтүп, ушул багытта иштерди алып барсак болмок. Модага айланган, сырттан келген дарактар менен алектенип жатабыз, алар бирок шаардын климатына көп пайдалуу таасир бере албайт. Көбүнчө басымды жергиликтүү дарактарга жасаганыбыз оң. Жазы жалбырактуу дарактар көбүрөөк көмүр кычкыл газын тартып алмак. Кышында климатты көрүп жатабыз. Жергиликтүү дарактарды көбөйтсөк, аба тазалаганга чоң таасири тиймек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер