Күйөөм эмес мен кызганчаакмын, кечиксе эле кыздарга кеткендей...


Жолдошум, үч балам бар, буга шүгүр! Бирок мендеги маселе кызганчаактык болуп жатат, жолдошум эмес мен кызганчаакмын. Аябай көптөгөн уруш, жаңжал болуп жатат. Жолдошум беш убак намаз окуйт, ушунча жашап бир кыз менен сүйлөшкөнүн көргөн эмесмин. Телефонун чукулап чалгандарга “ким бул?” деп чалмай адатым бар. Балдарын каралашат, тамак-аш – баары жакшы. Бирок баягы эле кызганыч, үйгө бир-эки саат кеч келип калса эле “кайда жүрдүң?” деп ошо боюнча кечке сүйлөшпөйм. Мага бирөөгө барып келгендей эле сезиле берет.
Жакында дагы урушуп кеттик. “Келечекке кара, балдардын келечегин ойло, кайдагы арам нерсе ойлобой! Барсам сенден коркпой эле бармакмын. Бирок биринчи Аллахтан корком, экинчи кусуру балдарыма тийет деп корком” деп катуу айтты. Бирок, кичине кечиксе эле баягы кызганыч сезимим ойгонуп, жанымды коёрго жер таппай кыжырданып баштайм. Кантип кызганыч сезимден арылам?
Айгүл











