Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуркыз Караева: «Баардык үнүм менен кыйкырып, апамдын үстүнө жыгылдым!»

Нуркыз Караева: «Баардык үнүм менен кыйкырып, апамдын үстүнө жыгылдым!»

15-сентябрь, 17:10
999 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Замана” көрсөтүүсүнүн алпаруучусу Нуркыз Караеванын апасы пандемия учурунда дүйнө салды. Апасы тууралуу журналист соцбаракчасына буларды жазып эскерди:

«Мамам менен болгон акыркы күн. Таңкы саат 9:30. Эжем түнү менен мамамдын жанынан чыккан жок. Ак халатчандар менен бирге эле «кызыл зонада» жүрдү. Эжемди үйгө кетирип, мамамдын жанында мен отурдум. Уктап жатабы?” деп врачтан сурасам, «она без сознании» деди. Мамамдын кулагына улам «Мама! Мама!» дей бердим. Балким мени угуп, көзүн ачабы дедим. Оозуна суу тамчылаттым. Аябай күч менен дем алып жатты, аябай жашагысы келгендей күрөшүп жаткандай болду. Төшү кадимкидей өйдө көтөрүлүп, жүрөгүнүн согушу көрүнүп турду. Андан кийинкиси кинодогудай болду… Аппараттын баары өчтү, толкундарды көрсөтүп жаткан экран үч сызык болуп калды…

Баардык үнүм менен кыйкырып, апамдын үстүнө жыгылдым! Апам унчукпады. Жер тепкилеп ыйлап, чуу салдым… Бизди, жакшы көргөн балдарын түбөлүккө таштап кете берди. Мамамдын ордуна колубузга мамамдын кийими толгон пакеттерди карматып коюшту…

Көп чекиттин ордуна көз жаштарым тамчылап жатканын билдиң бекен, мама! Бала үчүн эненин сүйүүсүнөн өткөн айныбас сүйүү жок го деп ойлойм» дейт ал.
Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
Аалы акын Дастан менен Зарылды “таластыктардын чимкириктери” деди
Чубак ажы Жалилов чын дүйнөгө кете берди...
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер