Эмнеге Нариман Түлеев “тузакка” илинген жок?

“Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев атылгандан кийин аны менен өнөктөш, байланышы бар бизнесмендер тыкыр текшерилип, бир кыйласы камалып, үлгүргөнү качып кетишти. Айтор, жарым жылдай убакыттан бери куушуп эле “кусушуп”, кызык оюн бүтпөй жаткандай...
Бизге жеткен маалыматтарга караганда, ири ишкерлердин арасында көмүскөдө калган да лөктөрдү санасак болчудай. Бул саам Нариман Түлеевге токтололу. Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда камалып, түрмөгө жаткан соң Камчы Көлбаевдин ынагына айланып, достук мамилеге чейин жетишкенби? Бишкек шаарынын чок ортосундагы ГУМду экөөлөп курушуп, бизнес өнөктөш катары камыр-жумур аралашканбы? Камчы Көлбаевди аңдыган оперлер көп ирет ГУМдун жогорку кабатынан Нариман Түлеевге жолукканын көрүшкөнбү? Ортодогу алыш-бериштерин атайын органдагылар иликтешкен эмеспи? Кыскасы, суроолор көп.
Кыргызда “кол ийрисине тартат” дейт. А эмнеге Нариман Түлеев башка ишкерлердей сурак берген жок? Өткөн чагын сыдырса эле көп “томдуктар” чыгып калса керек, туурабы? Эң кызыгы, учурда сүттөн ак сыңарындай жашоо кечирүүдө. Билет да буйтап кетишти...
"Азия Ньюс" гезити