Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акиян Малдыбаева: “Төрөт учурунда күйөөсү жубайынын жанында болсо, күч-кубат берет”

Акиян Малдыбаева: “Төрөт учурунда күйөөсү жубайынын жанында болсо, күч-кубат берет”

30-июнь, 13:21
2 062 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акиян айым №1 төрөт үйүнүн башкы врачынын орун басары болуп иштегенине көп жыл болду. Канчалаган наристелерди жарыкка апкелип, канчалаган үй-бүлөнү бакытка бөлөгөнү жөнүндө айта берсе сөз түгөнбөйт. Бүгүнкү кооптуу абалда бул жоопкерчилик эки эсе көбөйгөнүн айтпасак да түшүнүктүү болсо керек. Анда сөз башынан болсун.

-- Акиян айым, сиз иштеген №1 төрөт үйүндө ковидге байланыштуу кандай иш-чаралар көрүлүүдө?

-- Биздин төрөт үйүбүздүн кабыл алуу бөлүмүндө иштеген медперсоналдар бүткүл дүйнөлүк пандемиянын шартына баардык жагынан даярдыктарды өтүшкөн жана жогорку деңгээлде иш алып барууну билишет. Биринчи кезекте дене табы текшерилип, шектүү симптомдору жок болсо, андан кийин төрөт үйүнө кабыл алышат. Эгер андай болбосо мобилдик “тез жардам” чакырылып, адистештирилген төрөт үйлөрүнө жөнөтүлөт. 

-- “Толготуп келгендердин басымдуу бөлүгүн “кесарево” менен төрөтүп атат” дешет, бул эмнеге байланыштуу болуп атат?

-- Төрөт үйүнө толготуп келген айымдардын басымдуу бөлүгү табигый жолдо өздөрү төрөшөт. Сейрек учурда (анын ичинде медициналык кароодо клиникалык протоколдордун негизине гана таянып) “кесарево сечение” операциясы кылынат. Эч бир жүйөсү жок эле операция жасалбайт. Толгоо учурунда кээ бир жагдайда күйөөсү же бир туугандары жөн эле алып келип коюп, баса беришет. Анткен менен аялдын бир өлүмү төрөттөн экенин баарыбыз биле бербейбиз. Толгоо жеңил болуш үчүн  “өнөктөш төрөт” деген ыкманы колдонобуз. Жолдошу төрөт учурунда жанында болуп, келинчегине дем, күч-кубат берип турса, төрөт жеңил формада өтөт. Бул жагынан азыркы жаштар билимдүү экенин баса белгилегим келет. 

-- “Каттоосу жокторду кабыл албай атат” деп бизге көп кайрылууда. Толгоосу келген аялды мындай учурда кантесиңер, алдын ала жол-жобосу барбы?

-- Эшикте XXI кылым, толгоосу келгенге чейин камсанабай жүрө бергендер жокко эсе. Боюна бүткөн төрт жуманын ичинде каттоосу башка жакта болуп, өзү ордо калаада турса, жашаган жериндеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы акушер-гинекологго учетко туруусу керек. Анын эч бир кыйынчылыгы жок. Каттоосу жоктор үчүн атайын №6 төрөт үйү толгоосу келгендерди кабыл алат. А негизи, ар бир төрөт үйү боюнда барлар үчүн эшиги ар дайым ачык деп айткым келет. Алты саны аман, ден соолугу таза наристелерди төрөп, жакындарын кубантып жүрө беришсин.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер