Урмат Барыктабасов: “Адамдын баалуулугу болот, алтын менен мунайдыкындай...”
Ишкер Урмат Барыктабасов адамдардын баалуулугу тууралуу кызык пикирин жазып чыкты.
“Адамдын баалуулугу болот экен, алтын менен мунайдыкындай...
Мисалы, шайлоодогу бааң 500 сом. Кызмат жасап берсең, акыңды төлөп берет, өнөрүңө жараша, мисалы, Россияда 30-60 миң рубль айына. Лох болсоң, бекер иштейсиң... Мисалы, маркетолог айына 500 миң рубль алат, бул да өнөр.
Демек, адамдын жөндөмүнө жана өнөрүнө жараша баалуулук болот тура. Илгери кыргыздар “кыргыз эмнеге өкүнгөн?” деген суроого, “өнөрлүү болбой калса өкүнгөн” дешкен. Демек, адам өнөрлүү болсо, жашоосу маңыздуу болот экен. Өнөрлүү болгонго шашылгыла, депутат болууга эмес. Өнөрү жок адам эч кимге кереги жок, керек болсо үй-бүлөсүнө да. Адам өзүнүн баасын оңой эле баалап койсо болот, өзүн сунуштап. Бизде өнөрлүү адамдар көп, өнөрү жоктор андан көп...”.
"Азия Ньюс" гезити