Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Бакыян-Асылбек Ата» базары өндүрүүчүлөр менен кардарларды түз байланыштырат

«Бакыян-Асылбек Ата» базары өндүрүүчүлөр менен кардарларды түз байланыштырат

27-сентябрь, 11:18
532 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Бүгүнкү күндө биздин өлкөдөгү эң чоң көйгөйлөрдүн бири – өндүрүлгөн товарды сатуу маселеси.

     Совет мезгилинде Кыргызстанда көптөгөн заводдор, фабрикалар жана өндүрүш ишканалары иштеп турган. Бирок алардын көбү убакыт өтүп жабылып калды. Себеби өндүрүштү уюштуруу бир башка, ал эми даяр продукцияны туруктуу сатуу дагы бир башка маселе.

     Акыркы жылдары тигүү тармагы Кыргызстанда абдан жакшы өнүктү. Миңдеген адамдар жумуш менен камсыз болду. Бирок кийин кардар маселеси жаралып, көптөгөн цехтер жабылып, ишкерлер кыйынчылыкка туш болушту. Себеби бизде продукцияны бирдиктүү сатуу системасы түзүлгөн эмес. Көпчүлүк сырттан келген ортомчуларга жана башка өлкөлөрдүн базарларына көз каранды болуп калды.

     Эгер кардар башка мамлекетте болсо, эртең алардын мыйзамы өзгөрсө, чек ара жабылса же талаптары күчөсө, биздин ишкерлер дароо зыян тартат. Мындай көрүнүштү акыркы жылдары баарыбыз көрдүк.

     Ошондуктан биз «Бакыян-Асылбек Ата» базарын жөн гана соода жайы катары эмес, кластердик система менен иштеген борбор катары өнүктүрүүнү көздөп жатабыз.

     Биздин максат – өндүрүүчүдөн сатып алуучуга чейинки баардык процессти бир жерге топтоо. Өндүрүү, сактоо, логистика, дүң сатуу, экспорт жана кардар табуу бирдиктүү система менен иштеши керек.

Кыргызстанда экологиялык жактан таза, ден соолукка пайдалуу азыктар көп. Эт, бал, мөмө-жемиш, жашылча, сүт азыктары жана башка табигый продукциялар дүйнөлүк рынокто чоң суроо-талапка ээ.

     Эми биздин негизги милдет – ошол товарларды жөн гана өндүрүү эмес, аларды дүйнөлүк рынокко өзүбүздүн бирдиктүү сатуу системабыз аркылуу чыгаруу.

     Өндүрүш менен сатуунун ортосундагы байланыш күчтүү болгондо гана жаңы заводдор ачылат, фабрикалар иштейт, дыйкан киреше табат, ишкер өнүгөт жана мамлекеттин экономикасы өсөт.

     Биз өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн күчөтүп, өндүрүүчүлөрдү кардар менен түз байланыштырган жаңы системаны түзүүгө аракет кылып жатабыз.

                                 Чынара Мамажакыпова


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер