Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлсана Бапаева: “Өпкө оорусу күчөп, адамдар көп кайрыла баштады”

Гүлсана Бапаева: “Өпкө оорусу күчөп, адамдар көп кайрыла баштады”

12-апрель, 12:55
2 252 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин доордун каалгасын кагып коронавирус келгенине бир жылдан ашык убакыт өттү. Ошол аралыкта канча өлкөнүн экономикасын жалмап, балдарды билимсиздикке түрттү. Түгөйлөрдү ажыратты. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күч алды. Далайлар ишсиз калды. Айтор, ченебей эле запкысын тарттырды. Канча адамдар арабыздан кете берди?.. Ковиддин айынан түрдүү өнөкөт оорулар козголуп, дале азап уланууда. Эми илдеттин кайрадан күч алганы байкалууда. Мындай учурда ашыкча шаан-шөкөттү токтотуп, аралыкты кармап, эрежелерди сактап жүргөнүбүз оң. 

Биз терапевт Гүлсана Бапаевага кайрылдык.

-- Ковид боюнча абал курчуп турганда сизге кайрылган бейтаптар көп болду. Азыркы учурда абал кандай?

-- Учурда өпкөлөрдө өзгөрүүлөр болуп, ооруган адамдар көп кайрылууда. Бүгүн эле ковид жугузган бейтап кайрылды. Биздин дарыгерлердин атайын группасы бар. Ал жактагы дарыгерлер дагы “илдетке чалдыгып кайрылгандар бир жума мурун башталган. Бишкек шаарын “кызыл зона” кылып коюшту. Мурункудай болуп көбөйө баштады окшойт. Кооптуурак го...” деп пикирлерин билдиришүүдө. Кошуна Казакстанды эле алып карасак, абал оорлошуп баратат. Илдет көбөйүп кетсе токтотуш кыйын болуп калат. Андыктан, эрежелерди жакшылап сактайлы. Беткап тагынып, антисептик колдонуп, көпчүлүккө барууну чектеп, өзүбүздү жана жакындарыбызды сактайлы!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер