Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Тажыбай: “Конституция ачык талкууланбаса, бийликке сын пикир күчөйт”

Алмаз Тажыбай: “Конституция ачык талкууланбаса, бийликке сын пикир күчөйт”

28-январь, 20:23
1 607 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Садыр Жапаровдун акталуусу мыйзамсыз” деп сотко чейин кайрылып жатышат. Эгер андай болсо, соттор Жапаровду актоо чечимин эмнеге таянып, кандай жолдор менен чыгарып калды дейсиз?

-- Садыр Жапаров шайлангандан кийин легитимдүү болду. Бизде өнүккөн өлкөлөрдөй сот системасы көз карандысыз эмес. Ошондуктан сотко арыздангандардын иши ийгиликке жетпейт.

-- Мыйзамдуулук, мыйзамсыздык жөнүндө сотко чейинки арызданууларды эске алсак, анда неге дүйнөлүк лидерлер Жапаровду президент катары таанышууда?

-- Кыргыз Республикасы эгемендүү өлкө. Ошондуктан ички саясатта лидерлик таймашта бийликке легитимдүүлүк шайлоо жолу менен келгендерди таанууга укук берилет. Буга байланыштуу шайлоого чейин соттолгону же соттолбогону эл аралык саясатта таанууга көп маанилүү эмес. Анткени, сырткы чөйрөдө ички саясаттай эле туруктуу мамлекетке жана анын лидерине талап бар болот.

-- Ант берүү аземи тууралуу да ар түрдүү пикирлер айтылууда. Негизи ант кайсы Конституциянын негизинде берилет? 

-- Ант берген аземден баштап мамлекет башчылар официалдуу түрдө кызматына кирише алат. Анткени ошол күндөн тарта аны бөлөк мамлекеттер тааный баштайт. Албетте, ант берүү 2010-жылдагы Конституциясынын 63-беренесинде бекитилген. Инаугурация аземи илгерки тарыхтан хандарды башына таажы кийгизип же такка отургузуп (коронация) келген салт болуп калган. Ар кайсы мамлекетте ар кандай титул менен өтөт. Өздөрүнүн салтына жана мамлекеттик даражасына жараша.

-- Инаугурацияга кете турган чыгымдар дагы коомдук пикирдин негизинде азайтылды көрүнөт. Азыркы экономомикалык оор кырдаалда аземдин форматын өзгөртүп коюу мүмкүн беле?

-- Инаугурация экономикабыз алсыз болуп турганда эң жөнөкөй кылынса дурус болмок. Бирок, өз чөнтөгүбүзгө таянбайбиз тойлорду жакшы көрөбүз. 1200 кишиге филармонияда өтө турган ант берүү аземине региондордон көптөгөн Жапаровду колдогон адамдар келишет. Алардын жайгашуусу, жол киреси жана тамак-ашы өз чөнтөгүнөн болсо жакшы. Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен кетсе туура эмес. Элди чогултпай эле, түз эфирден аз адамдардын алдында ант берсе, андан да жакшы болмок. Ошондо Садыр Жапаров жакшы салттын үлгүсүн көрсөтмөк

-- Конституциянын жаңы долбоору бүткөнү маалымдалды. Анын коомчулукка ачык болушу канчалык деңгээлде маанилүү?

-- Конституциянын жаңы варианты коомчулук менен ачык жана кеңири талкууланыш керек. Антпесе кийин Конституциянын авторлоруна жана бийликтегилерге терс сын пикир айтылат.

-- Абдил Сегизбаевдин кармалышы тууралуу эмнелерди айта аласыз?

-- Абдил Сегизбаев Атамбаевдин командасында. Ошон үчүн ар бир оппозициядагы инсанды айыптоо биздин тарыхта саясый куугунтук деп каралат. Өзгөчө президенттик шайлоодон кийин же бийликтен түшүп калганда иш козголсо. Анткени бизде саясый элитадагы жетекчилер дайыма туура же калпыс болсо да мыйзамга таянышпай, саясый лидерлерге баш ийип келишет.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер