“Кумтөрдө” жер көчкүдө жоголгон адамдар кимдер болгон?
Жекшемби, 1-декабрда эртең менен «Кумтөр» кениндеги участкалардын биринде жер көчкү жүргөн. Жер көчкүдө калган «Кумтөр» ишканасында эмгектенген эки кызматкер дайынсыз болууда.
Кумтөрдөгү абалды жеринен билүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Ысык-Көл облусуна кетишти.
«Кумтөрдүн» жоголгон эки кызматкери — бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси болгон.
Тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн мастери О. Ишенбеков Ford пикап үлгүсүндөгү автоунаа менен жогору жакка чыккан. Ал жакка ал токтоосуз эвакуациялоо сигналын уккандан кийин бульдозердин машинисти Ж. Жунушовду алып чыгуу максатында барышы мүмкүн. Бирок эвакуацияланган кызматкерлер чогулган жерде экөө жок болуп чыккан. Рацияга да жооп берген эмес.Жыйынтыгында кооптуу аймакка техника менен кызматкерлердин баруусу толугу менен токтотулган. Учурда тоо кен бөлүмүнүн мастери Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Жунушов дайынсыз болууда.Окуянын себептерин аныктоо тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлөт. Окуя боюнча териштирүү башталып, кендин үйүлүп турган жараксыз катмарынын жылышынын себептери тиешелүү адистер тарабынан иликтенүүдө.
Эскерте кетсек, "Кумтөр" — Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Расмий маалымат боюнча, Кумтөр алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. Алардын ичинен 2678 кызматкер тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп иштесе, 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу жумушка орношкон. «Кумтөрдө» иштегендердин баары вахталык тартип менен, башкача айтканда 10-15 күндүк нөөмөт менен иштешет.
Aryba.kg